Мазмунун көрсөтүү

«Иэн» куюнунун айынан Кубадагы жана Кошмо Штаттардагы миллиондогон адамдар электр жарыгысыз калды

4-ОКТЯБРЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Кымгуут түшүргөн «Иэн» куюну

Кымгуут түшүргөн «Иэн» куюну

2022-жылдын 27-сентябрында «Иэн» куюну Кубаны чоң зыянга учуратты. Анын эртеси ал 4-категориядагы куюнга айланып, Флорида штатынын түштүк-батышына бет алган. «Иэн» куюнун коштогон шамалдын ылдамдыгы саатына 240 километрге чейин жеткен. Ал Кошмо Штаттарын бүлгүнгө учураткан эң күчтүү куюндардын бири болду. Куюндун кесепетинде эл отурукташкан бир далай жерлерди суу каптап, миллиондогон кишилер электр жарыгысыз калган. Жолдор, көпүрөлөр талкаланып калган. Куюн улам бир жерге жылып отуруп, штатты кесип өткөн да, Атлантика океанына чыгып кеткен. Андан соң ал Түштүк Каролинага жеткен.

Куюндун айынан Флоридадагы 12 000ден ашуун жарчы эвакуацияланган же башка жерлерге көчүрүлгөн.

Райондук көзөмөлчүлөр ЖДКнын өкүлдөрү менен чогуу кызматташып, аксакалдарга көмөк көрсөтүүдө. Алар жабыр тарткандарды зарыл нерселер менен камсыз кылууда.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

Куба

  • Өкүнүчтүүсү, 1 бир тууганыбыз каза болуп калган

  • 2 ишенимдешибиз анча-мынча жаракат алышкан

  • 300 үйдүн анча-мынча жери талкаланган

  • 491 үйдүн бир топ жери талкаланган

  • 63 үй толугу менен талкаланып калган

  • 40 Падышалык залынын бир топ жери талкаланган

  • 1 жыйын залынын анча-мынча жери талкаланган

  • 3 жыйын залынын бир топ жери талкаланган

Флорида

  • Ишенимдештерибиздин эч кимиси каза болгон жок

  • 2 жарчы бир аз жаракат алган

  • 5 874 жарчы коопсуз жерге көчүрүлгөн

  • 1 559 үйдүн анча-мынча жери талкаланган

  • 367 үйдүн бир топ жери талкаланган

  • 47 үй толугу менен талкаланып калган

  • 329 үй жашаганга жарактуу

  • 71 үй оңдоп-түзөлдү

  • 38 теократиялык имараттын анча-мынча жери талкаланган

  • 1 Падышалык залынын бир топ жери талкаланган

  • 1 жыйын залынын бир топ жери талкаланган

Түштүк Каролина

  • Ишенимдештерибиздин эч кимиси каза болгон жок

  • 35 жарчы башка жакка көчүрүлгөн

  • 13 үйдүн анча-мынча жери талкаланган

Жардам берүү иштери

  • Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткандарды сооротуп-жубатууда

  • Бир туугандарыбызга жардам бериш үчүн эвакуациялоо учурунда Флориданын ар кайсы жеринде 14 убактылуу борбор түзүлгөн

  • Флоридада жана Кубада жардам берүү иштерин көзөмөлдөө үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери уюштурулган

  • Жардам берүү иши COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына ылайык жүргүзүлүүдө

Ушундай каргашага туш болгон бир туугандарыбызга жөлөк-таяк болуп, колдон-буттан алып, көмөк көрсөтүп жаткан ишенимдештерибизди көргөндө, забурчунун: «Жахабага таянганды мээримдүүлүк курчап турат»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенине ынанабыз (Забур 32:10).