Мазмунун көрсөтүү

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын өлүмүн эскериш үчүн чогулушту

21-АПРЕЛЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Миллиондогондор Машаяктын өлүмүн биримдикте эскеришти

Миллиондогондор Машаяктын өлүмүн биримдикте эскеришти

Чилидеги ишенимдештерибиз бири-бирин жылуу тосуп алышууда

2022-жылдын 15-апрелинде дүйнө жүзү боюнча миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү жана алар чакырган коноктор Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскериш үчүн 2019-жылдан бери биринчи жолу жүзмө-жүз чогулушту. Ал эми жолугушуу өткөрүлгөн жерге келе албагандар программаны видеобайланыш аркылуу уга алышты.

Жахабанын Күбөлөрү үчүн Машаяктын өлүмүн эскерүү кечеси эң маанилүү жолугушуулардын бири болуп саналат. COVID-19 пандемиясынан улам бул кече эки жылдан бери видеобайланыш аркылуу өткөрүлүп жаткан. 2021-жылы Эскерүү кечесине дүйнө жүзү боюнча 21 миллиондон ашуун киши катышкан.

Айрымдар Маркензия Ремидей болуп, жүзмө-жүз өткөрүлгөн Эскерүү кечесине биринчи жолу катышышкан. Бир жыл мурун чөмүлгөн Маркензия: «Падышалык залында өткөрүлгөн Эскерүү кечесине катышып, аябай кубандым. Кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм. Укмуштай үй-бүлөнүн мүчөсү экенимди эми даана сезип көрдүм»,— деген.

Быйыл өткөрүлгөн Эскерүү кечесине Жахабанын батасын бергени айкын көрүнүүдө. Биз Жахаба Кудайга жана Уулу Иса Машаякка адамзатка теңдешсиз сүйүүсүн көрсөткөнү үчүн миң мертебе ыраазыбыз (Жакан 3:16).

 

Аргентина

Боливия

Бразилия

Камбожа

Борбордук Африка Республикасы

Кук аралдары (Ротаронга)

Эквадор

Индонезия

Израиль

Жапония

Казакстан

Косово

Мексика

Парагвай

Перу

Филиппин

Польша

Румыния

Испания

Тайвань

Украина

Кошмо Штаттар

Венесуэла