Мазмунун көрсөтүү

31-ДЕКАБРЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Ноябрь айында өткөрүлгөн өнөктүк учурунда «Күзөт мунарасы» журналынын № 2 саны 300дөн ашуун тилде таратылды

Ал «Күзөт мунарасы» кошумча жети тилде жарык көрдү!

Ноябрь айында өткөрүлгөн өнөктүк учурунда «Күзөт мунарасы» журналынын № 2 саны 300дөн ашуун тилде таратылды

2021-жылдын ноябрь айында Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча 2021-жылдагы «Күзөт мунарасы» журналынын жалпыга арналган чыгарылышынын № 2 санын 300дөн ашуун тилде таратты. Ал журнал жети тилде биринчи жолу жарык көрдү. Алар төмөнкү тилдер: фарер, пиджин (Гавайи), люксембург, манипури (латын), ория, померан жана креол (Сент-Люсия).

Бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта котормо топторун тейлөө бөлүмүндө кызмат кылган Николас Аладис мындай деген: «Биздин адабияттардагы маалымат ар кандай адамдарга кызыктуу болгудай кылып чыгарылат. Бирок айрым котормо топтордун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан «Күзөт мунарасы» журналынын ар бир санын которо алышпайт. Белгилүү бир темадагы журналды которуш керек болгондо ошол котормо топторун көзөмөлдөгөн филиалдын комитеттери Жетектөөчү Кеңештин Жазуу комитетине кат жазышат. 2021-жылдагы «Күзөт мунарасы» журналынын № 2 саны дагы ушундай болуп айрым тилдерде басылып чыккан».

Төмөнкү окуялардан ошол тилдеги аймактарда өнөктүк учурунда кандай жакшы натыйжа болгонун жана Ыйык Китептеги кабарды бардык тилдерде таратыш үчүн жумшаган аракетибиздин жемиши кандай болгонун көрүүгө болот.

Атайын өнөктүк учурунда ушунчалык көп киши «Күзөт мунарасы» журналын окуй алганын угуп, абдан сүйүнүп жатабыз. Ушундай өнөктүктөр Кудайдын «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалаарын» айкын көрсөтүп турат (1 Тиметей 2:4).