Мазмунун көрсөтүү

Рамапо долбоорунун макетине коюлган «Эң мыкты имараттар» сыйлыгы

28-МАРТ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Башкы башкармалык жүргүзүп жаткан Рамапо долбоору

Нью-Йорк штаты Жахабанын Күбөлөрүнө Рамапо долбоору үчүн сыйлык ыйгарды

Нью-Йорк штаты Жахабанын Күбөлөрүнө Рамапо долбоору үчүн сыйлык ыйгарды

Нью-Йорк штатынын энергияны изилдөө жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгы Жахабанын Күбөлөрүн «Эң мыкты имараттар» деген конкурста жеңүүчү деп таап, 1 миллион доллар сыйлык ыйгарды. Сыйлык берилгенинин себеби, Рамаподогу имараттар табиятка зыян келтирбегидей болуп курулуп жатат a. Рамапо шаарында же Рокленд округунда (АКШ) курулуш долбоору үчүн биринчи сыйлыкка ээ болгондор Жахабанын Күбөлөрү болуп калды.

Курулуш долбоору боюнча комитетте кызмат кылган Кейт Кэди мындай деп ой бөлүштү: «Рамаподо имараттарды долбоорлоп жатканда энергияны коромжуга учуратпагыдай, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегидей кылып курууну көздөгөнбүз. Бийлик өкүлдөрү тоодой эмгегибизди актап, жадагалса курулуш башталганга чейин эле ушундай сыйлык ыйгарганда, төбөбүз көккө жете сүйүндүк. Эми ал каражатты Жахабанын Күбөлөрү тартуу кылган акча-каражатына кошуп, сарамжалдуулук менен колдонгонго аракет кылабыз».

«Эң мыкты имараттар» деген аталыштагы конкурс — Кошмо Штаттарда уюштурулган жападан жалгыз конкурс. Ал 2019-жылы башталып, ушул күнгө чейин 63 долбоордун ээлерине сыйлык ыйгарган. Нью-Йорк штатынын энергияны изилдөө жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын расмий веб-сайтында сыйлык алган долбоорлордун ээлери «өнөр жай жаатындагыларга жакшы үлгү болуп, көмүртек нейтралдуу (Жер планетасы зыянсыздандыра ала тургандан да көп көмүртек оксидин бөлүп чыгарбоо) келечекке салым кошору» баса белгиленген.

Бийлик өкүлдөрүнүн жумшаган эмгегибизди баалап, ошонун аркасында Жахаба Кудайыбыз даңкталып жатканы үчүн жүрөгүбүз ыраазычылыкка толбой койбойт (Матай 5:16).

a Конкурска катышканда бизге берилген «Стерлингтондогу имараттар» деген расмий аталышыбыз