Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: «Алтын кылым» журналынын биринчи чыгарылышы (1919), «Сооротуу» журналынын биринчи чыгарылышы (1937), «Ойгонгула!» журналынын биринчи чыгарылышы (1946) жана 2019-жылдагы №2 санынын электрондук түрү

2019-ЖЫЛ, 1-ОКТЯБРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

«Ойгонгула!» журналына бир кылым болду

«Ойгонгула!» журналына бир кылым болду

2019-жылдын 1-октябрында «Ойгонгула!» журналынын чыгып келатканына жүз жыл болду. «Ойгонгула!» журналы жыл сайын 211 тилде, 280 миллиондон ашуун нускада басылат. Бул дүйнө жүзү боюнча эң көп которулган жана таратылган, «Күзөт мунарасынан» кийинки эле орунда турган адабият болуп эсептелет.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Сэмюэл Хёрд бир тууган мындай деген: «„Ойгонгула!“ журналына ар кандай темадагы макалалар чыккандыктан, ал көптөрдүн Ыйык Китептеги кабарга болгон кызыгуусун арттырып келет. Көптөгөн жылдар аралыгында көрүнүшү жана көлөмү өзгөрүп келсе да, бул журнал кызматыбызда аябай натыйжалуу курал болуп эсептелет. Журналдын жүз жылдан бери чыгып келатканы Жахабанын ыйык руху аркылуу колдоп жатканын далилдеп турат».

Алгач «Алтын кылым» деп аталган бул журналдын чыкканын Жахабанын Күбөлөрү 1919-жылдын сентябрь айында Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөн тарыхый жыйында кулактандырышкан. 1937-жылы адамдардын сооротууга муктаж экенин көрсөтүш үчүн «Алтын кылым» журналы «Сооротуу» деп аталып калган. 1946-жылы болсо окурмандарга кандай учурда жашап жатканыбызды түшүнүүгө жардам берүү максатында журналдын аталышы «Ойгонгула!» деп өзгөртүлгөн.

1946-жылы, 11-августта Огайо штатынын Кливленд шаарында өткөн жыйында колдоруна жаңы чыккан «Ойгонгула!» журналын кармап турган бир туугандар

Ыйык Китеп жөнүндө билим берүү ишинде «жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүш» үчүн колдонуп жаткан бул журналга бир кылым болгонуна аябай сүйүнүп жатабыз (Элчилер 20:24).