Мазмунун көрсөтүү

Венесуэла: варао тилине үн коштогон ишенимдешибиз (үстүндө, солдо), пиароа тилине которгон котормочулар (астында, солдо). Түштүк Корея: 2020-жылдын региондук жыйынын көрүп жаткан үй-бүлө

4-СЕНТЯБРЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Опол тоодой ишти бүтүргөн котормочулар

Опол тоодой ишти бүтүргөн котормочулар

Жахабанын Күбөлөрүнүн 2020-жылдын «Дайыма кубангыла»! деп аталган региондук жыйыны тарыхый болду десек жаңылбайбыз. Программа 500дөн ашуун тилге которулуп онлайн көрсөтүлдү. Бул чоң ишке катышкан котормочулар кишинин жетишсиздиги, убакыттын тардыгы жана башка ушу сыяктуу ар кыл кыйынчылыктарга багынып беришкен жок.

Кениядагы кикуйю тилине которгон топтун бир мүчөсү мындай дейт: «Филиалыбыз карантинге жабылып калгандыктан Бейтелдеги үн коштогон саналуу бир туугандар менен чектелип калдык. Ошондуктан материалдарды сырттан жаздыра баштадык. Ыйык руху аркылуу Жахабанын жардам берип жатканын кадимкидей сезип жаттык».

Корей жана корей жаңдоо тилдерине которгондор да ушу сыяктуу жагдайга кептелишти. Үн коштоп, жаздырууга жардам берген ыктыярчылар Бейтелге келе албай калышты.

Корей жаңдоо тилиндеги баяндамалар менен видеолорду жаздыруу үчүн бир туугандарыбыздын үйүндө жасалган убактылуу студия

Ошон үчүн үйлөрүнө эле убактылуу жаздыруу студиялары жасалды. Ал үчүн керектүү шаймандардын көбүн жергиликтүү бир туугандар алып беришти. Андан сырткары, жыйындар өткөрүлбөй калгандыктан программаны жаңдоо тилине жаздыруу үчүн филиалдын уруксаты менен жыйын залдарындагы камералар колдонулду.

Венесуэладагы котормочулардын айрымдары байланышы начар интернет менен салгылашты. Башкаларына керектүү жабдыктар жетпей жатты. Буга карабай тапкыч котормочулар колдо болгон нерселерди колдонгонго аракет кылып жатышты. Алсак, бир жерде жаздыруу учурунда кереги жок үндөр угулбашы үчүн жууркан-төшөктөрдү колдонушту.

Түштүк Судандын баш калаасы Жубада адабияттарыбыз занде тилине которулат. Ал жактагы бир котормочу мындай деп бөлүшөт: «Жыйындын программасын башынан аягына чейин жаздырышыбыз керектигин укканда ичимен “Бул мүмкүн эмес! 90дон ашуун аудио жана видеолорду камтыган программаны эки айда жаздырууга кантип жетишмек элек” дедим. Азыр артка кылчая карап, Кудайдын эркинин аткарылышына эч нерсе тоскоолдук кыла албай турганына дагы бир ирет ынандым. Ал азыр деле керемет жасай алат» (Матай 19:26).

2020-жылдын «Дайыма кубангыла»! деп аталган жыйыны «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалаган» Жахаба Кудайдын берген белеги десек эң эле орундуу (1 Тиметей 2:4).