Мазмунун көрсөтүү

Дмитрий Должников Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-чараларына катышканы үчүн камакка алынган жүзүнчү киши болду

28-ОКТЯБРЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Орусияда жана Крымда түрмөдө отурган Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 100дөн ашты

Орусияда жана Крымда түрмөдө отурган Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 100дөн ашты

2022-жылдын 26-октябрына чейинки билдирүүгө ылайык, Орусияда жана Крымда ишеними үчүн түрмөдө же тергөө камак жайында 110 ишенимдешибиз (106 эркек, 4 аял) отурат. 44 жаштагы Дмитрий Должников камакка алынган жүзүнчү Жахабанын Күбөсү болду. Аны 2022-жылдын 8-сентябрында кармашкан. Ал жыйналыш жолугушууларына баргандыктан жана ишенген нерселерин башкаларга айткандыктан ага экстремисттик уюмдун иш-чараларына катышты деген айып коюлган. 2017-жылы тыюу салынгандан бери 350дөй ишенимдешибиз түрмөгө отуруп чыгышкан.

Полиция кызматкерлери Дмитрийди Челябинск облусунда анын үйүн тинтишкенден кийин кармап кетишкен. Эки күн өткөндөн кийин Дмитрийди үйүнөн 1 500дөй чакырым алыстыкта жайгашкан Новосибирсктеги тергөө камак жайына жөнөтүшкөн.

Ал жакта Дмитрий дагы башка 12 киши менен чогуу отурган. Аялы Маринага Дмитрий менен жолукканга уруксат бербей коюшкан, бирок аларга кат жазышып турууга уруксат беришкен.

Марина мындай дейт: «Дмитрийди кармап кеткен түнү жакшы уктай албай, түнү менен кайра-кайра ойгоно бердим. Ошондуктан жыйналыштагы досторум мени үйүнө алып кетишти. Бул мен үчүн чоң жардам болду».

Марина Дмитрий көңүлүн чөгөрбөй, оң маанай сактап жатканын айткан. Ал: «Жахабанын ага кам көрүп жатканына такыр шектенбейм»,— деген.

Марина жана Дмитрий Должниковдор

Орусиядагы боордошторубузга, Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, экстремисттик иш-чараларга катышты деген айып коюлган. 6 жылдан бери түрмөдө отурган 57 жаштагы Анна Сафроновага да ушундай айып коюлган. Ал чечим аялдарга чыгарылган эң узак мөөнөт.

Орусия 5 жылдан ашуун убакыттан бери бир катар эл аралык беделдүү уюмдардын эскерткенине карабай Жахабанын Күбөлөрүн уятсыздык менен куугунтуктап келет. Дмитрийдин соттолгону — буга дагы бир далил. 2017-жылы Орусиянын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чечим чыгарганда Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарын гана жокко чыгарып, рухий иш-чараларыбызга тоскоол кылбай турганын билдирген. Бирок андай болгон жок. Бүгүнкү күнгө чейин 700гө жакын Жахабанын Күбөсүнө 308 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле 1 851 Жахабанын Күбөсүнүн үйү тинтилген.

Биз мындан ары да Дмитрий жана дагы башка куугунтукталып жаткан ишенимдештерибиз үчүн тиленип турабыз. Ошондой эле алар аягына чейин чыдай алыш үчүн Жахабанын аларга күч береринен шектенбейбиз (Матай 24:13).