Мазмунун көрсөтүү

Италиядагы ишенимдешибиз изилдөө өткөрүп жатат

26-МАРТ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Пандемия күчөп жаткан убакта дүйнө жүзүндөгү бир туугандар кабар айтуунун жаңы ыкмаларын колдонууда

Пандемия күчөп жаткан убакта дүйнө жүзүндөгү бир туугандар кабар айтуунун жаңы ыкмаларын колдонууда

Жергиликтүү бийликтегилердин көрсөтмөлөрүнө баш ийип, ошол эле учурда рухий иштерин аткара берген дүйнө жүзүндөгү миллиондогон Жахабанын Күбөлөрүнө мурда болуп көрбөгөн COVID-19 коронавирусу таасир этти. Вирус тараган филиалдардын аймактарында кызмат кылган ишенимдештерибиз тапкычтык кылып, кызматын улантыш үчүн жаңы ыкмаларды колдонуп жатышат.

Италиядагы Пиза шаарында жашаган бир тууганыбыз мындай деген: «Кызматыбызды өзгөчө жол менен аткарып жатабыз! Көптөр үйүндө отургандыктан, аялым экөөбүз телефондорубуздагы номерлерди карап чыгып, аларга видео аркылуу чалып чыктык. Көп изилдөө өткөрүп жатабыз. Кээ бирөө менен жаңы тааныштык, мурда сүйлөшкөндөр менен да кайрадан байланышып жатабыз. Ошентип, көп саат кабар айтып, кызматыбыз натыйжалуу болуп жатат».

Түштүк Кореяда да вирус күч алгандыктан, жарчылар jw.org сайтын жана «JW Library» тиркемесин көбүрөөк колдонуп калышты. Мисалы, бир ишенимдешибиз Ыйык Китепти изилдегенин үч жыл мурун токтотуп койгон бир кызыгуучудан билдирүү алган. Пандемия ал кызыгуучуну акыркы күндүн белгилери жөнүндө ойлондурган. Бир тууганыбыз «JW Library» тиркемесиндеги «Жөнөтүү» функциясын колдонуп, кызыгуучуга керектүү маалыматты жөнөткөн. Ал бир тууганыбыз байкагандай, «акыркы күндүн белгилери аткарылып жатканы көптөрдү ойлондуруп, Кудайды издегенге түрткү берди».

Дүйнөнүн чар тарабындагы филиалдардан келген көптөгөн отчёттордон ишенимдештерибиздин кызматын баалаары айкын көрүнүп турат. Алардын жакшы кабарды таратуу үчүн даанышмандык көрсөтүп жатканын көрүү кубантпай койбойт (Микей 6:9).

 

Пуэрто-Рикодо райондук көзөмөлчү кабар айтуу жолугушуусун өткөрүп жатат

Германиядагы пионерлер видео байланыш аркылуу чогуу кат жазып, кызматташып жатышат

Түштүк Кореядагы бир туугандар ыйык китептик изилдөө өткөрүүдө

Франциядагы жубайлар телефон аркылуу кабар айтып жатышат

Гавайидеги ишенимдешибиз уулу менен кат жазууда