31-МАРТ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Пандемия маалында улгайган ишенимдештерибизге рухий иштерге катышууга жардам берүү
Коронавирус улгайгандардын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудургандыктан, жашы өр тартып калган ишенимдештерибиз саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө баш ийип, үйлөрүнөн чыкпай отурушат. Бирок алардын жыйналыш менен болгон байланышы үзүлүп калган жок. Алар жолугушууларга жана кызматка катышуу үчүн техниканын ар кандай түрүн колдонуп жатышат.
Италиянын Рим шаарында 1952-жылы чөмүлгөн 94 жаштагы бир ишенимдешибиз начар ден соолугунан улам пандемияга чейин эле үйүнөн чыга алчу эмес. Ал JW Stream сайты аркылуу жолугушууларды көрө алса да, бир нече убакыт бою өзүнүн жыйналышына катыша алган эмес. Бирок жергиликтүү аксакалдар жыйналышты видео байланыш аркылуу өткөрө баштагандыктан, ишенимдешибиз жыйналышындагы бир туугандарын көрө алган жана өзүнүн жыйналышына катыша алган.
Юта штатындагы Спаниш Форк (АКШ) шаарында жашаган Стефани Айткен деген кулагы укпаган ишенимдешибиз карылар үйүндө жашайт. Учурда сырттан келгендерге ал жакка кирүүгө тыюу салынган. Бир аксакал жубайы менен ага айнек эшик аркылуу жаңдоо тилинде видео байланышты кантип орнотсо болорун түшүндүрүп берген. Айткен бир тууганыбыз тиркемени жүктөп алганына аябай сүйүнүп планшетин бооруна кыскан. Эми ал жыйналыштагылар менен байланыша алганына аябай ыраазы болууда.
Дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз, анын ичинде улгайган ишенимдештерибиз да пандемия жараткан оор жагдайга ылайыкташып, техниканы акылмандык менен колдонуп жатышат. Бул Жахабанын эли «элдердин сүтүн» эмет деген убадасын эсибизге салат (Ышая 60:16). Ушул оор учурда Жахабанын жердеги кызматчылары эмнеге муктаж болсо, анын ошол болуп, жардамга келерин билебиз.
Швециядагы жубайлар (сол тараптын жогору жагында), Франциядагы бир тууган (сол тараптын ылдый жагында), Түштүк Кореядагы жубайлар (оңдо) жыйналыш жолугушууларына катышып жатышат
Норвегиядагы жубайлар телефон аркылуу кабар айтууда
Аксакал Италиядагы жубайларга Ыйык Китептеги жубатарлык ойлорду айтып, бекемдеп жатат