Мазмунун көрсөтүү

Швейцариядагы Эмилия

15-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Пандемия учурунда жаш ишенимдештерибиз кабар айтууда тапкычтык көрсөтүп жатышат

Пандемия учурунда жаш ишенимдештерибиз кабар айтууда тапкычтык көрсөтүп жатышат

Дүйнө жүзүндөгү жаштарыбыз пандемия маалында кабар айтууда тапкычтык көрсөтүү менен жана ишенимдештерине дем-күч берүү менен рухий күн тартибине бекем карманууда.

Жаңы Зеландиянын тургундары короодогу балдар көрүшү үчүн, терезелерине ар кандай оюнчуктарды, сүрөттөрдү коюп коюшат. Ар кайсы жыйналыштагы жаштар муну кабар айтуу мүмкүнчүлүгү катары көрүшкөн. Алар терезелерине Медер менен Алтынайдын сүрөтүн коюп, астына «Мени jw.org сайтынан көр» деп жазып коюшкан.

Жаңы Зеландияда терезеден көрсөтүлгөн Медер менен Алтынайдын сүрөтү

Швейцарияда жашаган 9 жашар Эмилиянын иммундук системасы төмөн. Ал карылар үйүндө жашагандарга кат жазган, себеби азыркы учурда ал жакка барууга тыюу салынат. Эмилия Нух пайгамбардын жана кеменин сүрөтүн тартып, катына кыстарып койгон. Ал катында бир жолу Нухтун да үй-бүлөсү менен сыртка чыга албай калганын, бирок мунун аркасында өмүрүн сактап калышканын түшүндүргөн. Эмилия карылар үйүндөгүлөрдү Нухтай болуп, эч жакка чыкпоого үндөгөн. Пандемия аяктагандан кийин ал карылар үйүнө баргысы келет.

Айрымдар Эмилиянын катына жооп кайтарышкан жана ал аларга кайрадан кат жазган. Жергиликтүү бир кабарчы Эмилия тууралуу угуп, ал жөнүндө гезитке жазган.

Канададагы Кемпфтердин үй-бүлөсү

Канададагы Онтариодо жашаган Пейтон менен Элла Кемпф деген эже-сиңдилер пандемия маалында да жыйналыштагылар менен байланышып турушат. Алардын атасы Жаред мындай дейт: «Үй-бүлө менен сыйынууда кыздарыбыз байланышкыбыз келген бир туугандардын тизмесин түзүүгө жардам беришти». Апасы Жесика мындай деп кошумчалайт: «Биз кыздарыбызга ишенимдештерибиздин, үй-бүлөбүздүн жана досторубуздун унутта калбаганына ынандырып туруу маанилүү экенин үйрөткүбүз келет».

Кошмо Штаттардагы Стелла

Колорадодо (АКШ) жашаган 9 жаштагы Стелла апасы менен жыйналышындагы улгайган бир туугандарга чалып турууну чечишкен. Алар тизме түзүп алып, ар бирине телефон чалып чыгышкан.

12 жана 15 жаштагы Жонатан менен Шон МакКэмпсон деген ага-инилер ата-энеси менен чогуу Аризонадагы кытай тилиндеги жыйналышта кызмат кылышат. Алар күн сайын эртең менен мектепке чейин кытай тилинде кат жазып, кабар айтышат. Тилди дагы деле үйрөнүп жаткандыктан, кат жазуу үчүн көп убакыт жана күч-аракет жумшашат. Ошентсе да алар Ыйык Китептеги кабарды кытай тилинде сүйлөгөндөр менен бөлүшүүгө чечкиндүү.

Кошмо Штаттардагы Жонатан менен Шон

2 жаштан 15 жашка чейинки 6 бала апасы жана бир пионер эже менен түндүк Мичигандагы карылар үйүнө дайыма барып турушчу. Бирок коронавирустун айынан бийликтегилер карылар үйүнө барууга тыюу салышкан. Азыр ата-энеси балдарынын Падышалык ырларын ырдаганын же аяттарды окуганын жаздырып, карылар үйүндөгүлөргө жиберип турушат. Ал жерде иштеген бир доктур балдардын атасына карылар үйүндөгү бир бейтаптын коронавирустун айынан каза болуп жаткандар тууралуу жаңылыктарды көрүп, көңүлү чөккөнүн, бирок балдардын бир видеосун көрүп, көп кабатырланбай калганын айткан.

Жахабанын жаш кызматчыларынын жакындарына болгон сүйүүсүн жана кызматта тапкычтык көрсөтүп, аны даңктап жатканын жогору баалаарына шектенбейбиз (Забур 148:12, 13).