Мазмунун көрсөтүү

20-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Пандемия учурунда электрондук жол менен тартуу кылуу

Пандемия учурунда электрондук жол менен тартуу кылуу

Көп өлкөлөрдө ишенимдештерибиз дүйнөдөгү азыркы оор кырдаалга ылайыкташып, рухий иш-чараларын өзгөртүп жатышат. Көп жерлерде жолугушуулар Падышалык залында эмес, видео байланыш аркылуу өткөрүлүп жатат. Ошондуктан бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине мындан ары да колдоо көрсөтүү үчүн көптөр электрондук жол менен тартуу кылууда.

112ден ашуун өлкөдө жашаган Жахабанын Күбөлөрү donate.pr418.com сайтын колдонуп, дебет же кредит карталары аркылуу электрондук жол менен тартуу кыла алышат.

Жарчылардын көбү жергиликтүү Падышалык залына барып тартуу кыла албаган соң, donate.pr418.com сайтынан ай сайын белгилүү бир сумманы автоматтык түрдө тартууга кете тургандай кылып коюшкан. Кошмо Штаттарда жашаган 74 жаштагы Сюзан Кохен деген ишенимдешибиз ушундай жол менен тартуу кылып турат. Ал мындай дейт: «Бул аябай оңой экен. Эгер мен кыла алсам, анда баары кыла алат. Мен дагы деле бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине колдоо көрсөтүп жатканыма аябай сүйүнөм».

Бразилияда жашаган Эдуардо Пайва башында donate.pr418.com сайтын колдонууну тартуу кылуунун кошумча жолу деп ойлочу. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Жакында эле мунун азыркы өзгөчө оор кырдаалда бүткүл дүйнөлүк ишибизди колдоонун эң мыкты жолу экенин түшүндүм. Ушундай жол менен акыркы күндөрдө ыраазычылыгыбызды жана сүйүүбүздү билдире алабыз».

Уориктеги (Нью-Йорк) Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгындагы Казына кеңсесинин көзөмөлчүсү Гаюс Глоккентин мындай дейт: «Бир туугандарыбыздын Падышалыктын ишин колдоого болгон күчтүү каалоосун көрүп, ишенимибиз бекемделүүдө. Алардын тартууларын жогору баалайбыз. Тартуу кылынган каражатты акылмандык менен колдонуу үчүн, уюмдагы чыгымдарды кантип кыскартсак болорун дайыма текшерип турабыз. Айрымдарга тартуусун азайтууга туура келсе да, алардын Жахабанын уюмун колдоого болгон каалоосу азайган жок» (2 Корунттуктар 9:7).