Мазмунун көрсөтүү

Жапониядагы Миеко бир тууганыбыз көзү начар көргөндүктөн, жоопторун чоң тамгалар менен жазып алып жатат

28-АПРЕЛЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Пионердик кызмат мектеби биринчи жолу онлайн түрүндө өткөрүлдү

Пионердик кызмат мектеби биринчи жолу онлайн түрүндө өткөрүлдү

2021-кызмат жылынын ичинде пандемияга карабай дүйнө жүзү боюнча Пионердик мектептер биринчи жолу видеобайланыш аркылуу өткөрүлдү. Жахабанын уюму уюштурган мындай иш-чарага ыраазы болгондуктан окуй турган ишенимдештерибиз ал мектептен билим алыш үчүн колунан келгендин баарын кылышкан. Айрым пионерлер Жахабанын аларга мектептен окуганга жолтоо болгон тоскоолдуктарды жеңгенге кантип жардам бергени жөнүндө айтып беришкен.

Жапониядагы Миеко Йошинари деген ишенимдешибиз 30 жылдан бери үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылат. (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) Электрондук каражаттарды жакшы колдоно албаса да, көзү жакшы көрбөсө да, ал онлайн түрүндө өткөн Пионердик мектепке катышууну чечкен. Миеко: «Даярданып жатканда тапкан ойлорду оңой окуп берейин деп чоң тамгалар менен жазып алгам. Жахаба ал мектеп аркылуу мага дем-шык берди. Күч-кубатка толтурду»,— дейт.

Найробиге (Кения) жакын жайгашкан Тика деген шаарда Анита Кариюкки деген бир тууганыбыз жашайт. Ал пионер болуп кызмат кылыш үчүн косметолог болуп иштейт. Мектепке катышкан маалда ага бир жумага жумушун токтотууга туура келмек. Алгач, тынчсызданса да, Жахабанын ага жардам береринен шектенбей, ага толук таянууну чечкен. «Мен көйгөйүмдү Жахабага айттым да, баарын ага тапшырып койдум. Анан кызматымды уланта бердим»,— дейт Анита. Пионердик мектептин башталарына бир жума калганда чыгымдарынын көбүн төлөгөнгө жеткидей акча тапкан. Ага дагы 30 АКШ доллары керек болчу. Ошентсе да ал жумушун жаап, мектепке катышкан. Шаршемби күндүн сабагы бүткөндөн кийин Анитага акча карыз болгон кардары чалып, карызын алып келип берерин айткан. Ал Анитага канча жетпей жатса, дал ошончо акча алып келип берген.

Гондурастагы Йоро шаарында жашаган Лаурен Мадригэлас деген ишенимдешибиздин үйүнө «Эта» жана «Йота» куюндарынан улам 1 метрге чейин ылай толуп калган. Үй-бүлөсү дээрлик баарынан айрылып калган. Алар убактылуу башка жакка көчүрүлгөн. Ошол маалда Лауренге Пионердик кызмат мектебинен окуганга чакыруу келген. Ал буга аябай сүйүнгөн. Бирок мектеп башталганга чейин үйүн тазалап жетишер-жетишпесин ойлоп, сарсанаа болгон. Лаурен: «Үйүбүздү таң атпай туруп алып тазалап баштадык. Түн жарымга чейин тазалап аттык. Ошентип бир нече күн алыштык. Аягында тырп этерге алым калбай калды. Минтип отурсам, мектепке оңураак деле даярдана албайт окшойм, ошон үчүн мунусунда окуй албай калам го деп ойлодум»,— дейт. Лаурен жагдайы тууралуу Жахабадан тиленип, ага өзүн канчалык жаман сезип жатканын айткан. Таң калыштуусу, мектептин башталарына бир нече күн калганда Кырсык болгондо жардам берүү комитети анын үйүн тазалашканга бир туугандарды жөнөтүптүр. Мунун аркасында Лаурен сабактарга алдын ала даярданып алганга жана мектепке үйүнөн катышканга мүмкүнчүлүгү болгон.

Гондурастагы Лаурен бир тууганыбыз. Куюндан кийинки үйүнүн абалы (тазалаганга чейин)

Кошмо Штаттарда Спенсер менен Александра Сташтар Кливлендде (Огайо) үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылат. Мектеп башталганга чейин Спенсердин жесир калган атасы Роберт ооруканага жатып калган. Ошондо Жубайлар мектепке барганыбыз туура болобу деп арсар болушкан. Бирок Роберт аларды мектепке барууга үндөгөн. Кейиштүүсү, Пионердик мектептин башталарына 2 күн калганда, Роберт каза болуп калган. Жүрөгү сыздап турса да, Спенсер менен Александра мектептен окушкан. Алар биринчи күнүнөн башка күндөрүнүн бирин да калтырышкан эмес. Экөө жалындуу тиленип, Жахабадан мектептен аягына чейин билим ала алышы үчүн күч сурашкан. Атасынын керээзин аткара алганы үчүн Спенсер жүрөгүнүн тынчтанып калганын айткан. Ал мындай деп кошумчалаган: «Жаңы заманда тирилгенде атама Пионердик мектептен билим алганыбызды айтабыз. Билгендерибиз менен бөлүшөбүз. Мектептен окуганыбызга өкүнбөйбүз. Чогуу окуган бир туугандарыбыз, нускоочуларыбыз бизди эң кыйын учурда колдоп, жөлөк-таяк болушту».

Түштүк Кореядагы Чиң Да-Сэк бир тууганыбыз 10 жылдан бери карылар үйүндө жашайт. Инсульт болгондон кийин майыптар коляскасына отуруп калган. Ал буга чейин Пионердик мектептен билим алганга аракет кылган. Бирок ден соолугуна байланыштуу бир эле күн окуй алган. Ал видеобайланыш аркылуу өтө турган мектепке чакыруу алганда төбөсү көккө жете сүйүнгөн. «Ушунчалык ыраазы болгондуктан көзүмө жаш алдым. Мындай чара болбосо, мен Пионердик мектептен эч качан окуй алмак эмесмин. Мектепке чакырылганым үчүн кубанычым койнума батпай турат», — деген ал.

Түштүк Кореядагы Чиң бир тууганыбыз Пионердик мектепке карылар үйүнөн катышып жатат

Австралиядагы Жаңы Түштүк Уэльсте жашаган жубайлар Эдди менен Черисе Эл Баэ да Пионердик мектепке чакырылышкан. Аялы Черисе мындай деп ой бөлүшөт: «Кызматым бир орунда туруп калгандай, өзүмдү бир жерге барып такалып, алдыга жыла албай калгандай сезип жүргөм». Пионердик кызмат мектебинен окуганы Черисеге зарыл дем-шык берген. «Жагдай-шартым чектелүү болсо да, кызматымды көп жагынан жакшырта аларымды түшүндүм»,— дейт Черисе.

Австралияда үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган Эдди менен Черисе Эл Баэлер

Мектептен алган билими жөнүндө Эдди: «Ааламдын Эгедери өзү мени кучактагандай эле болду. Ал мага мээримдүүлүк менен ийиниме колун коюп: „Кызматыңды токтотпой уланта бер, мен сени мененмин. Мен сени жакшы көрөм, сага кам көрөм“,— деп айткандай эле болду»,— дейт.

Ушул жылы дагы башка онлайн Пионердик мектептер уюштурулат. Жахабанын өз элин, дүйнөдө кандай окуялар болбосун, окутуп-үйрөтүп жатканына кандай гана ыраазыбыз! Бул Аюп пайгамбардын: «Мына, Кудай кудурети менен эбегейсиз зор иштерди жасайт; Андай насаатчы барбы?» — деген сөздөрүн эсибизге салат (Аюп 36:22).

Бул сүрөттөрдө ар кайсы өлкөдө өткөрүлгөн онлайн Пионердик мектептен билим алгандар жана нускоочулар көрсөтүлдү.

АРГЕНТИНА: Пионердик мектепте окугандар коомдук унаада кетип бараткандай фон колдонуп, расмий эмес кабар айтуу жөнүндөгү тапшырмасын аткарып жатышат

КАМЕРУН: Гай Лейтон деген ишенимдешибиз Пионердик мектептин нускоочусу жана Камерунда 12 жылдан бери миссионер болуп кызмат кылат. Ыйык Китептин котормолору жөнүндөгү сабакта Жансыз деңиз түрмөктөрүнүн жасалма үлгүсүн көрсөтүп жатат

ГРЕЦИЯ: Грециянын борборунда райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Такис Падулас Пионердик кызмат мектебин өткөрүп жатат

ИТАЛИЯ: Англис тилинде өткөрүлгөн 5 онлайн Пионердик мектептердин бири

МЕКСИКА: Цоциль тилине которулган жаңы китепти кармап түшкөн пионерлердин айрымдары. Ал тилде көбүнчө Чьяпас штатында сүйлөшөт. Бул толугу менен цоциль тилинде өткөрүлгөн биринчи Пионердик мектеп болду

ШРИ-ЛАНКА: Атайын пионер болуп кызмат кылган Нишанта менен Широмала Гунаварданалар. Пионердик кызмат мектебинен билим алып жатышат

ТАНЗАНИЯ: Занзибарда аксакал болуп кызмат кылган Уильям Бундола мектепке короосунан, Интернет жакшыраак тарткан жерден, катышууда