Мазмунун көрсөтүү

Рамапонун жогорудан көрүнүшү. Кыйылган бактардын ордуна имараттар курулат. Оң жактагы сүрөт: Бак кыйган шайман менен иштеп жаткан жумушчу

6-ИЮНЬ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Башкы башкармалык жүргүзүп жаткан Рамапо долбоору

Рамапо долбооруна байланышкан иштер улам алдыга илгерилеп жатат

Рамапо долбооруна байланышкан иштер улам алдыга илгерилеп жатат

2023-жылдын 1-июнунда Нью-Йорк шатынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча департаменти Рамапонун аймагынан кыйылган бактарды ташып кеткенге уруксат берген. Негизи, ал жердеги бактар 18-мартта, бак кыюу мезгили бүткөнгө чейин эки жума мурун кыйылып бүткөн.

Рамаподогу курулуш иши боюнча комитеттин мүчөсү Роберт Макредмонд мындай деп бөлүштү: «Бийликтегилердин ар бир уруксатынын, макулдугунун аркасында биз жүргүзүп жаткан иш акырындан алдыга жылып жатат, куруу ишине улам жакындап баратабыз. Жахабанын жолубузду торогон көптөгөн тоскоолдуктарды жоюп жатканын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Биз анын алдыда бизди күтүп турган дагы башка кыйынчылыктарды кантип чечип берерин көргөнгө куштар болуп калдык» (Ышая 57:14).

Куруу ишин толук кандуу жүргүзгөнгө бийлик өкүлдөрүнөн уруксат алганга чейин курулуш иши боюнча комитет алар менен мындан ары да кызматташа бермекчи.