Мазмунун көрсөтүү

19-ФЕВРАЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Тарыхта биринчи жолу жаңдоо тилинде Ыйык Китеп толугу менен жарык көрдү

Тарыхта биринчи жолу жаңдоо тилинде Ыйык Китеп толугу менен жарык көрдү

2020-жылдын 15-февралында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» акыркы китебинин америка жаңдоо тилинде чыкканын жарыялады. Бул — жаңдоо тилинде толугу менен чыккан дүйнөдөгү биринчи Ыйык Китеп. Ал тарыхый кулактандыруу АКШнын Флорида штатындагы Форт-Лодердейлде жайгашкан алыскы котормо кеңсесинин арноо аземиндеги өзгөчө бөлүк болду. Ал жаңы кеңседе адабияттар америка жаңдоо тилине которулат. Арноо аземи Флорида штатындагы Уест-Палм-Бичтеги Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындар өткөрүлгөн борборунда болду.

Жыйындар өткөрүлгөн борборго 2 500дөн ашуун киши чогулду. Ал эми 15 635 киши арноо аземинин программасын Белиздеги, Гаитидеги, Доминикан Республикасындагы, Канададагы, Кошмо Штаттардагы, Тринидад жана Тобагодогу Падышалык залдарында түз эфир аркылуу көрүштү. Жалпысынан программаны 18 000ден ашык киши укту.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон дил маек алууда

Арноо аземине арналган баяндамасынын соңунда Жеффри Жэксон америка жаңдоо тилиндеги Ыйык Китептин акыркы китебинин жарык көргөнүн кулактандырды. Ал мындай деди: «Биз силерге өзгөчө бир нерсени айталы деп жатабыз. Аюп китебинин чыгышы менен „Жаңы дүйнө котормосу“ эми толук болуп калды... Жахабанын Күбөлөрүн азырынча Ыйык Китепти толугу менен америка жаңдоо тилинде чыгарган уюмдардын эң биринчиси деп айта алабыз. Демек, жаңдоо тилиндеги бул толук Ыйык Китеп адамзат тарыхындагы [жана] дүйнө жүзүндөгү биринчи Ыйык Китеп болушу мүмкүн».

Аюп китебин кошкондо, Ыйык Китепти которууга баш-аягы 15 жыл кеткен. Жетектөөчү Кеңеш «Жаңы дүйнө котормосун» америка жаңдоо тилинде чыгарууга 2004-жылы уруксат берген. Эки жыл өткөндөн кийин Матай китеби чыккан, андан соң улам бир китеп которулуп отуруп, 2010-жылы Грек Жазмалары толугу менен бүткөн. Ал эми Еврей Жазмаларын которууга 10 жылдай сарпталган.

Америка жаңдоо тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» кулагы укпагандарга аябай күчтүү таасир этип келет. Арноо аземине катышкан ишенимдешибиз Исаяс Итон: «„Жаңы дүйнө котормосун“ биринчи жолу көргөндө көз жашымды тыя албай калдым. Англис тилиндеги Ыйык Китепти окуганда жүрөгүм көп деле козголчу эмес, бирок жаңдоо тилиндеги Ыйык Китепти көрө баштаганымда эле дароо жашым куюлуп кирди»,— деп бөлүшөт.

Жаңы котормо жаңдоо тилиндеги жыйналышта кызмат кылган көптөгөн жарчыларга бир топ жардам берүүдө. Алыскы котормо кеңсесинде кызмат кылган Дэйвид Гонзалез деген котормочу мындай деген: «Бул котормо мага чындыкты терең түшүнүүгө жана ошонун аркасында кызматта эр жүрөк, кайраттуу болууга көмөк кылды. Америка жаңдоо тилинде Ыйык Китеп чыкканга чейин өзүмдү ишенимсиз сезгендиктен үй ээси мага оор суроо бербесе экен деп тынчсыздана берчүмүн. Эми болсо америка жаңдоо тилинде толук Ыйык Китебибиз бар. Ошондуктан коркпойм! Өзүмдү ишенимсиз сезбейм!»

Нью-Йорк штатындагы Уорикте жайгашкан башкы башкармалыкта Котормо топторун тейлөө бөлүмүндө кызмат кылган Николас Аладис: «Америка жаңдоо тилиндеги Ыйык Китепти которуу иши башка жаңдоо тилдерине да жол ачты. Азыркы учурда Ыйык Китептин айрым бөлүктөрү 17 жаңдоо тилинде бар жана башка жаңдоо тилдерине да которула баштады»,— деп белгилеген.

Америка жаңдоо тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосун» өз эне тилинде окугандар, жүрөгү козголуп, Жахабага жакындоого түрткү алат деп ишенебиз (Элчилер 2:6).