30-АПРЕЛЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
УРУНТТУУ ОЙЛОР| Жахабанын Күбөлөрүнүн Сибирге айдалганына 70 жыл болгону талкууланган конференциялар Молдавияда, Орусияда жана Украинада болуп өттү
Молдавияда, Орусияда жана Украинада «Түндүк» деп аталган операциянын 70 жылдыгына байланышкан онлайн конференциялар өткөрүлдү. «Түндүк» операциясына ылайык, 1951-жылы Совет өкмөтүнүн буйругу менен 9 793 Жахабанын Күбөсү Сибирге сүргүнгө айдалган.
Кээ бир конференцияларда катышуучулар 1951deport.org веб-сайтына кирип көрүүгө чакырылышты. Сайт Жахабанын Күбөлөрү тарабынан түзүлгөн жана англис, орус, украин тилдеринде бар. Ал сайттан «Түндүк» операциясына тиешелүү кенен маалымат алууга жана тарыхый документтер менен таанышууга болот.
1-апрель | Молдавияда өткөн илимий конференция
Алеку Руссо атындагы Бельцк мамлекеттик университетинин профессору Лидия Падуряк мындай деди: «Совет өкмөтү 1951-жылы көптөрдү жаза иретинде сүргүнгө айдаган. Өкмөттүн көздөгөнү коммунисттик идеологиядан тыш көз караштын жайылышына бөгөт коюу болчу».
Бирок Молдавиядагы Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери Николае Фуштей айткандай, «Түндүк» операциясы өз максатына жеткен эмес. Ал мындай деп ой бөлүштү: «Өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жок кыла алган эмес. Уюмдун мүчөлөрүнө да өзүнүн ишеними жөнүндө айтканга тоскоол боло алган эмес. Тескерисинче, алардын кайраты курчуп, ишеними тууралуу мурункудан да көбүрөөк айта беришкен».
Молдавиядагы Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери жана конференциянын төрагасы доктор Вирджилиу Бырлэдяну илимий изилдөө жүргүзүп жатканда Жахабанын Күбөлөрүнө, сүргүнгө айдалгандарына, суроо менен кайрылган. Ал алардын укмуштуудай сонун маанайы жөнүндө кеп салып: «Мени алардын оң маанайы, күйүп-жанган көздөрү кайдыгер калтырган жок. Совет өкмөтүнүн тушунда көргөн кордугу үчүн бири да бийликтегилерге кек сактабаптыр»,— деди.
Молдавиядагы филиалыбызда кызмат кылган Виктор Дорниченко учурда Орусияда эски тарых кайталанып жатканын баса белгиледи. Ал сөзүн мындай деп улады: «Тилекке каршы, өкмөт өткөндөн сабак алган жок. 2017-жылы жайында Орусия өкмөтү эч кандай мыйзамдуу негиз жок эле өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жаап салды. Ошол чечим 175 000дей Жахабанын Күбөсүнө залакасын тийгизди. Бейкалыс пикир жана жалган маалыматтын таралышы Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги укуктарынан ажырашына алып келди. Тагыраак айтканда, алар дин тутуу эркиндигинен, абийир жана ой эркиндигинен ажырап калышты».
1-апрель | Москвада өткөн пресс-конференция
Буга чейин айтылгандай, дин боюнча адистер жана укук коргоочулар, ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн Европадагы бирикмесинин өкүлү Ярослав Сивульский журналисттер менен жолугушту. Алар «Түндүк» операциясы жана Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн учурда куугунтукталып жатканы тууралуу айтып беришти. Конференция орус жана англис тилдеринде онлайн көрсөтүлдү.
6-апрель | Эл аралык «Мемориал» коому тарабынан уюштурулган Москвадагы тегерек үстөл
Мурун билдирилгендей, бул онлайн жолугушуу орус тилинде гана өткөрүлдү.
8-апрель | Киевде өткөн илимий конференция
Алты өлкөдөн келген 14 илимпозго жана Украинадагы филиалыбыздын өкүлү Иван Ригерге конференцияда кыскача сөз берилди. Изилдөө жүргүзгөн айрым тарыхчылар жана дин таануучулар сүргүндөн кайтып келген Жахабанын Күбөлөрүнө суроо узатышкан. Ошондой маектердин үзүндүлөрү конференция маалында көрсөтүлдү.
Польшадагы Силезск университетиндеги Мададият Институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген Томаш Бугай мындай деди: «Жахабанын Күбөлөрүнө киши чыдагыс катаал шарттарда жашаганга жана эмгектенгенге туура келсе да, алар адеп-ахлак нормаларына, этикалык принциптерге жана диний көз карашына бекем карманышкан. Жакшыраак жашоо, жеңилирээк жумуш же кара курсак үчүн ушул нерселерден баш тартуу алардын оюна да келген эмес». Доктор Томаш Бугай Жахабанын Күбөлөрүн «өзгөчө эл» деп атады. Анткени алар коммунисттик режим маалында өзүнүн диний ишенимин бек сактап, башкаларга да ишенген нерселери жөнүндө айта беришкен.
Дин таануучулардын Украинадагы бирикмесинин вице-президенти Людмила Филипович учурда Украинадагы Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарды 36 тилде таратып жатышканын баса белгиледи. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн эл агартуу иши коомго чоң пайдасын тийгизип жатканын да айта кетти. Ал: «Жахабанын Күбөлөрү украиналыктарга коомдогу көп кыйынчылыктарды көтөргөнгө жардам берип жатышат»,— деди. Маселен, профессор Людмила Филипович Жахабанын Күбөлөрүн кулагы жакшы укпагандарга, көзү начар көргөндөргө Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашаганды үйрөтүп, өздөрүн коомдун толук кандуу жараны катары сезгенге жардам берип жатышканы үчүн мактады.
Бул онлайн конференция украин, орус жана англис тилинде көрсөтүлдү.
9-апрель | Киевде өткөн пресс-конференция
Пресс-конференциянын маалында Людмила Филипович журналисттерге мындай деди: «Жахабанын Күбөлөрү ар кандай шартка ылайыкташа аларын далилдешти. Мындан тышкары, алар жагымсыз жагдайларды жакшы мүмкүнчүлүк катары көрүп, өздөрү аткарган ишти алга илгерилетишти, диний көз карашын да жайылта алышты... Союз учурунда Жахабанын Күбөлөрү көптөрдүн урмат-сыйына татышты. Анткени өздөрү карманган принциптерден кыл жылышчу эмес».
Украинадагы Дин таануу жана эл аралык руханий алака мамиле борборунун президенти Игорь Козловский мындай деп ой бөлүштү: «Ким экенибизди түшүнүш үчүн өткөндү эстеп жүрүшүбүз керек... Жахабанын Күбөлөрүнүн сүргүнгө айдалганын маал-маалы менен эсибизге салып турушубуз кажет. Ушул маалыматтар Украинанын жалпы тарыхына киргизилиши зарыл». Ал сөзүн мындай деп улады: «Дин таануучулардын милдети — Жахабанын Күбөлөрү жана башка диний коомдор тууралуу айтылган жумурай журттун биримдигин ыдыраткан терс пикирлерди жоюу».
Бул онлайн конференция украин жана англис тилдеринде көрсөтүлдү.