26-СЕНТЯБРЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Фиона» куюну Кариб аралдарынын таш-талканын чыгарды
2022-жылдын 18-сентябрында «Фиона» куюну Пуэрто-Рикону жана жанындагы аралдарды жабыркаткан. Шамалдын ылдамдыгы саатына 160 километрге чейин жеткен жана 75 сантиметрге чейин жаан жааган. Куюндун кесепетинде жолдор, көпүрөлөр талкаланып, миңдеген адамдар электр жарыксыз калган. Бул бийликтегилерге жабыр тарткандарды суу, тамак-аш, дары-дармек менен камсыз кылууга чоң тоскоолдуктарды жараткан.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Пуэрто-Рико, Сент-Китс, Невис, Теркс жана Кайкос
Ишенимдештерибиздин эч кимиси каза болгон жок
4 жарчы анча-мынча жаракат алган
75 жарчы башка жакка көчүрүлгөн
140 үйдүн анча-мынча жери талкаланган
18 үй чоң зыянга учураган
1 үй талкаланып калган
Доминикан Республикасы
Ишенимдештерибиздин эч кимиси каза болгон жок
58 жарчы башка жакка көчүрүлгөн
57 үйдүн анча-мынча жери талкаланган
26 үй чоң зыянга учураган
2 үй талкаланып калган
2 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланган
2 Падышалык залынын бир топ жери талкаланган
Гваделупа жана Мартиника
Ишенимдештерибиздин эч кимиси каза болгон жок
16 жарчы башка жакка көчүрүлгөн
43 үйдүн анча-мынча жери талкаланган
2 үй чоң зыянга учураган
13 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланган
Жардам берүү иштери
Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткан үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп, сооротуп-жубатууда
Жапа чеккендер зарыл нерселер менен камсыз болушу үчүн жана үйлөрүн оңдоп-түзөө үчүн атайын иш-чаралар уюштурулууда
Жардам берүү иштери COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлүүдө
Жабыр тарткан ишенимдештерибиз боордошторунун иш жүзүндө көрсөткөн сүйүүсүн көрүп, дем-күч алууда (Элчилер 11:29).