11-НОЯБРЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Башкы башкармалыктагы Рамапонун курулушу
Шаардын мэриясы Рамаподогу аймакка байланыштуу айрым нерселереди өзгөртүүгө уруксат берди
2022-жылдын 9-ноябрында Рамапо шаарынын мэриясы имараттын аймагына байланыштуу айрым нерселерди өзгөртүүгө уруксат берди. Мунун аркасында Курулуш долбоор комитети (КДК) Рамаподогу долбоорго жана аны баштаганга атайын уруксат ала алышат a.
Бул жаңылыктан тышкары, жалданма курулуш компаниялар Рамапонун имараттарына кире турган жерди кеңейтти жана жолун бир аз өзгөрттү. Курулуш ыктыярчылары болсо курула турган имараттарга алып бара турган жолдогу таштан тургузулган эски көпүрөнү оңдоп-түзөп бүтүштү. Курулуш унаалары, зарыл болгондо, тез жардам унаалары, өрт өчүрүүчү унаалар өтө алгыдай болушу үчүн ал көпүрөнү бир аз кеңейтип, бекемирээк кылып оңдоп коюшту. Анткени курулуштун алгачкы баскычында унаалардын баары ушул көпүрө аркылуу өтөт.
КДКда кызмат кылган Мэтью Мордики мындай дейт: «Ушундай уруксат алганыбыздын аркасында бизге дагы бир атайын уруксат алыш үчүн документтерди толтурууга жана курулуш долбоорун пландаштырууга мүмкүндүк берет. Уруксат аларыбыз менен 2022-жылдын декабрында имараттар курула турган аймакты тазалай баштайбыз».
Биз Жахабадан бул курулуш долбоорунда эмгектенип жаткан боордошторубуздун ишине ийгилик беришин сурап тиленип турабыз (Некемия 1:11).
a Буга чейин ал жактагы имарат «Карыларга жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга арналган имарат» болчу.