20-НОЯБРЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Эта» куюну Борбордук Американын жана кошуна аймактардын таш-талканын чыгарды
Болгон жери
Борбордук Америка, Багам аралдары, Чоң Кайман аралы, Мексика, Кошмо Штаттардын түштүгү
Кырсык
2020-жылдын 3-ноябрында Никарагуадагы Пуерто-Кабесаста 4-категориядагы «Эта» куюну болду. Ал куюн Борбордук Американын башка бөлүктөрүнө да жетип, чоң бүлгүн салды
Кейиштүүсү, Мексиканын Табаско штатындагы бир ишенимдешибиздин небереси суу агызып кеткендиктен кайтыш болду
«Эта» куюну тропикалык шамалга айланып, Чоң Кайман аралын, Багам аралдарын жана Ямайканы талкалады. Андан ары Мексика булуңуна жана Кошмо Штаттарга жетти
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Гватемала
Башында 163 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 85и кайра үйүнө кайтып барды
3 үй-бүлө бардык мүлкүнөн кол жууп калды
Андан тышкары, 3 жарчыдан турган 1 үй-бүлө жардам келгенче үйүнүн экинчи кабатынан чыга албай калышкан
Гондурас
Башында 1 984 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын, бери дегенде, 376сы кайра үйүнө кайтып барды
Коста-Рика
108 жарчы башка жакка көчкөнгө аргасыз болду
7 жарчы бүт мүлкүнөн ажырады
Кошмо Штаттар
48 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 27си кайра үйүнө кайтып барды
Мексика
Чьяпас жана Табаско штаттарындагы 1 618 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 112си кайра үйүнө кайтып барды
Никарагуа
238 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 232си кайра үйүнө кайтып барды
Панама
27 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 6сы кайра үйүнө кайтып барды
Ямайка
4 жарчы башка жакка көчүрүлдү
Мүлккө келтирилген зыян
Багам аралдары
1 үй зыян тартты
Гватемала
2 үй жер көчкүдөн талкаланды
Гондурас
7 Падышалык залы анча-мынча зыян тартты
Коста-Рика
3 үй талкаланды
6 үй зыянга учурады
Кошмо Штаттар
141 үй зыянга учурады
9 Падышалык залы бир аз зыян тартты
Никарагуа
73 үй зыянга учурады
Чоң Кайман аралы
4 үй зыян тартты
1 Падышалык залы анча-мынча зыянга учурады
Ямайка
50 үй зыян тартты
1 Падышалык залы зыянга учурады
Жардам берүү иштери
Борбордук Америка филиалы Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 3 комитет уюштурду. Алардын экөө Мексикадагы, бири Гондурастагы жабыр тарткандарга жардам берүү иштерин көзмөлдөп жатат. Ал эми башка жерлерде COVID-19 пандемиясына байланыштуу түзүлгөн комитеттер куюндан зыян тарткандарга жардам көрсөтүп жатышат
Кошмо Штаттарда жыйналыштар COVID-19 пандемиясына байланыштуу түзүлгөн комитеттер менен бирге ал жактагы жапа чеккен ишенимдештерибизге жардам берүүдө
Ал аймактардагы райондук көзмөлчүлөр кырсыктан жапа чеккендерди кайраттандырып, бекемдешүүдө
Коопсуз аймакта жашаган бир туугандарыбыз башка жакка көчүүгө мажбур болгон ишенимдештерибизди баш калкалоочу жай, тамак-аш менен камсыз кылышты
Жардам берүү иштеринин баары COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына ылайык жүргүзүлүп жатат
Алдындагынын баарын кыйратып кеткен ушундай куюнга карабай, ишенимдештерибиз бири-бирин кайраттандырып жатканы бизди аябай бекемдейт. Биз Жахабанын алар үчүн «кысталыш учурунда коопсуз чеп болуп» береринен түк да шектенбейбиз (Забур 9:9).