2018-ЖЫЛ, 26-ФЕВРАЛЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Гита» циклону Түштүк Тынч океанындагы аралдарды бүлгүнгө учуратты
2-категориядан башталып, эң кубаттуу деп эсептелген 4-категорияга чейин жеткен «Гита» циклону 2018-жылдын 10, 11-февралында Самоа менен Америкалык Самоаны көздөй бет алган. 12-февралда Тонгага багыт алып, чоң суу каптоого алып келген. Кесепетинде ал аймактар катуу жабыркаган.
Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимиси каза болгон эмес жана оор жаракат алган эмес. Бирок бир канча ишенимдешибиздин үйү чоң зыянга учураган. Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери жапа чеккендерди азык-түлүк, чатыр сыяктуу эң зарыл нерселер менен камсыз кылууда.
САМОАДА 10 ишенимдешибиздин үйү талкаланып калган.
АМЕРИКАЛЫК САМОАДА 3 ишенимдешибиздин үйүн суу каптап калган. Жергиликтүү бир туугандар аларга жашап турганга убактылуу жай таап беришти.
ТОНГАДА 6 Жахабанын Күбөсүнүн үйү чоң зыянга учураган. Үйсүз калган бир туугандар убактылуу Падышалык залында баш калкалашкан.
Бактыга жараша, бул табигый кырсыктан бир да Жахабанын Күбөсү оор жаракат алган эмес. Мүлкү зыянга учурагандарына болсо ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат. Мындан Иса пайгамбардын анын жолдоочуларын сүйүү айырмалап турары жөнүндө айткандары айкын болууда (Жакан 13:34, 35).
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000
Америкалык Самоа: Панапа Луи, тел.:+1-684-770-0064
Самоа: Сио Тауа, тел.: +685-20629
Тонга: Палу Канонгатаа, тел.: +676-25736