2017-ЖЫЛ, 30-МАРТ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Жахабанын Күбөлөрүнүн 2017-жылы өткөрүлө турган маанилүү аземдери
НЬЮ-ЙОРК. Жахабанын Күбөлөрү баарын 2017-жылы өткөрүлө турган маанилүү аземдерине чакырышат.
2017-жылдын 11-апрелинде, шейшемби күнү, Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча өткөрүлө турган Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү кечесине баарын чын жүрөктөн чакырышат. 2017-жылдын 18-мартынан, ишемби күндөн, баштап 2017-жылдын 11-апрелине чейин өткөрүлө турган атайын өнөктүктө алар мүмкүн болушунча көптөрдү Эскерүү кечесине чакырганга умтулушат. Чакыруу баракчасында ал кеченин кайсы жерде, саат канчада өткөрүлөрү жазылган. Жахабанын Күбөлөрү үчүн ал кече абдан маанилүү азем болуп эсептелет.
Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрү баарын Эскерүү кечеси өткөрүлгөн жуманын аягында айтыла турган 30 мүнөттүк «Каардуу дүйнөдө канткенде тынчтыкка умтула алабыз?» деген баяндаманы угуп кетүүгө чакырат. Бул атайын баяндама дүйнө жүзү боюнча 2017-жылдын 15, 16-апрелинде Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залдарында айтылат.
2017-жылдын 19-майынан тартып Жахабанын Күбөлөрүнүн «Багынбагыла!» деп аталган үч күндүк жыйыны өткөрүлө баштайт. Алгач жыйын Кошмо Штаттарда өткөрүлөт. Андан соң 2018-жылга чейин бүт дүйнө жүзү боюнча өткөрүлө берет. Ар бир жыйындын алдында Жахабанын Күбөлөрү үч жумага созулган өнөктүк өткөрүп, баарын жыйынга чакырышат. Силер жашаган жерде жыйын качан жана кайсы жерде өткөрүлөрүн алардан биле аласыңар.
Жогоруда айтылган Эскерүү кечесине, атайын баяндамага, жыйындарга жана Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык жолугушууларына кирүү акысыз. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйыны тууралуу кеңири маалымат алыш үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери алардын жергиликтүү филиалы менен байланышууга чакырылат.
Байланышуу:
Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000