2017-ЖЫЛ, 16-МАЙ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Жахабанын Күбөлөрүнүн үч күндүк жыйыны башталат
НЬЮ-ЙОРК. 2017-жылдын 19-майында Жахабанын Күбөлөрүнүн жыл сайын өткөрүлө турган үч күндүк жыйыны башталат. Быйылкы жыйын «Багынбагыла!» деп аталат. Бул жыйын дүйнө жүзү боюнча 2018-жылдын башына чейин өткөрүлөт. Жыйындын алдында Жахабанын Күбөлөрү жылдагыдай эле дүйнө жүзү боюнча жыйынга чакыруу өнөктүгүн өткөрүшөт.
Жыйындын үч күнүнө тең кирүү акысыз жана эч кандай акча чогултулбайт. Жахабанын Күбөлөрүнүн Уориктеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «Былтыркы жыйынга дүйнө жүзү боюнча 13 миллионго жакын киши келген. Быйыл андан да көбүрөөк келет деп үмүттөнөбүз».
Жыйындын программасы 52 бөлүктөн турат. Программада баяндамалар айтылат, дил маектер болот жана кыска тасмалар көрсөтүлөт. Андан сырткары, жыйындын үч күнүндө тең түштөн кийин үч бөлүктөн турган «Лоттун аялын эстегиле» деген тасма коюлат. Жыйындын кайсы күнү, кайсы жерде болорун Жахабанын Күбөлөрүнүн jw.org расмий веб-сайтынан биле аласыңар. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жыйын тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн жакын жердеги Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы менен байланышса болот. Филиал аларга маалымат каражаттарына маалымат берүүгө дайындалган киши менен байланышууга жардам берет.
Симонян мырза мындай дейт: «Жашоодогу кыйынчылыктар көңүлүбүздү чөктүрүп, алдан-күчтөн тайдырышы мүмкүн. Кээде кыйынчылыкка багынып бергибиз келген учурлар болот. Быйылкы жыйындан Жахабанын Күбөлөрү да, башкалар да кыйынчылыктарда туруктуу болууга эле эмес, аларды көтөрүп кеткенге да күч алат».
Байланышуу:
Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000