Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 1-МАЙ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жахабанын Күбөлөрүнүн 2018-жылдагы региондук жыйындары май айынан баштап өткөрүлө баштайт

Жахабанын Күбөлөрүнүн 2018-жылдагы региондук жыйындары май айынан баштап өткөрүлө баштайт

НЬЮ-ЙОРК. Жахабанын Күбөлөрүнүн региондук жыйындары 2018-жылдын 18-майынан, жума күндөн, тартып өткөрүлө баштайт. Бул жылкы региондук жыйындын темасы «Кайраттуу болгула!» деп аталат. Жыйындын алдында Жахабанын Күбөлөрү бүт дүйнө жүзү боюнча жыйынга чакыруу өнөктүгүн өткөрүшөт. Жыйындар 180 өлкөдө өткөрүлөт.

Үч күндүк ал жыйында аудиодрамаларды, дил маектерди жана кыска тасмаларды камтыган 54 баяндама айтылат. Андан тышкары, жыйындын акыркы күнүндө «Жунус пайгамбар. Кайраттуулук жана кайрымдуулук сабагы» деп аталган көркөм тасма көрсөтүлөт. Жыйындын ар бир күнүндө эртең мененки жана түштөн кийинки программанын башында атайын даярдалган музыка менен коштолгон тасмалар коюлат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «Жаңылыктарды көргөндө эртеңки күнүн ойлоп тынчсызданып, санаага баткан ар кайсы курактагы адамдардын көбөйүп баратканын байкайбыз. Турмуштун кысымына туруштук бериш үчүн кайраттуулук талап кылынат. Биз Ыйык Китептеги даанышман кеңештерди колдонуу канчалык пайдалуу экени баса белгиленген ушул жыйынга баарын чын жүрөктөн чакырабыз».

Жыйындардын кайсы жерде, кайсы убакта өткөрүлөрүн Жахабанын Күбөлөрүнүн jw.org/ky расмий веб-сайтынан билүүгө болот.

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000