2017-ЖЫЛ, 3-ОКТЯБРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Ирма» куюнунун кесепети тууралуу кыскача маалымат
НЬЮ-ЙОРК. Барбадостогу, Доминикан Республикасындагы, Франциядагы жана Кошмо Штаттардагы филиалдар бир туугандарыбыздын «Ирма» куюнунан кийинки ал-акыбалы тууралуу төмөнкү маалымат менен камсыз кылды.
Барбадостогу филиалдын карамагындагы кырсыктан жабыркаган аймактар — Ангилья, Антигуа, Барбуда, Монтсеррат, Саба, Синт-Эстатиус, Сент-Китс, Невис жана Сен-Мартен (Нидерландия тарабы). Өзгөчө, Барбуда менен Сен-Мартен чоң зыянга учураган.
Барбуда — 1 800дөй киши жашаган чакан арал. Аралдагы тейлөө кызматтарынын көбү жана, эсептөөлөр боюнча, үйлөрдүн 95 пайызы талкаланып калгандыктан өкмөт ал аймакты өзгөчө кырдаалдагы аймак деп жарыялаган. Маалыматка ылайык, ал жактагы 11 жарчынын баары кошуна жайгашкан Антигуа аралына көчүрүлгөн. Ал бир туугандарга Кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК) кам көрүүдө. Бактыга жараша, эч ким зыян тарткан эмес.
Синт-Мартен (Нидерландия жана Франция тарабы) аралында болжол менен 700 жарчы жашайт. Тилекке каршы, бир ишенимдешибиз жабыр тарткан. Синт-Мартендеги бир туугандарыбызга жардам көрсөтүлүшү үчүн Барбадостогу жана Франциядагы филиалдардан бир туугандар, ошондой эле медицина кызматкерлери жөнөтүлгөн.
Франциядагы филиалдын карамагындагы кырсыктан жабыркаган аймактар — Гваделупа, Мартиника, Сен-Бартельми жана Синт-Мартен (Франция тарабы). Билдирүүлөргө ылайык, Гваделупада да, Мартиникада да каза болгондор жана жабыр тарткандар болгон эмес.
Сен-Бартельми (французча аталышы Сен-Барт) аралы катуу талкалангандыктан ал жактагы жарчылар менен кабарлашуу такыр мүмкүн болбой калган. Бирок ал аралда кызмат кылган райондук көзөмөлчү филиалга аралдагы 30 жарчынын баары аман-эсен экенин жана Падышалык залы анча-мынча эле зыянга учураганын билдирген. КБЖБК уюшулуп коңшу жайгашкан Гваделупа менен Мартиника аралдарынан Сен-Бартельми менен Синт-Мартен аралдарындагы бир туугандарга таза суу, тамак-аш жана башка керектүү нерселер жөнөтүлгөн.
Доминикан Республикасынын карамагындагы аймактар да кырсыктан жабыр тартты. Филиалдын комитети өлкөдөгү 38 000 жарчыга кам көрүш үчүн кырсык болгондо дайыма жардам бере турган 5 КБЖБКны уюштурган. «Ирма» куюну болордон бир нече күн мурун аксакалдар, райондук көзөмөлчүлөрдүн кеңешине ылайык, жарчылардын ар бирине жолугуп, коопсуздук чараларына байланыштуу көрсөтмөлөрдү беришкен. Андан тышкары, суу ташкындоо ыктымалдуулугу жогору болгон түндүк жактагы 1 273 жарчыны коопсузураак жерге көчүрүшкөн. Ал эми үйлөрү кооптуу болгон 2 068 жарчыны Падышалык залдарына же үйлөрү коопсузураак болгон башка жарчылардын үйлөрүнө жайгаштырышкан.
Жаңы курулган бир нече Падышалык залы бир аз зыянга учураган. Ошондой эле беш Жахабанын Күбөсүнүн үйү талкаланып калган. Оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү жыйналыштардын жана КБЖБКнын жетеги менен жүргүзүлүүдө. Жахабанын Күбөлөрүнөн эч ким жабыр тарткан эмес, каза болгондор да жок.
Кошмо Штаттардагы филиалдын карамагындагы кырсыктан жабыркаган аймактар — Багам аралдары, Флорида, Жоржия, Пуэрто-Рико, Теркс жана Кайкос, Британияга да, Кошмо Штаттарына караштуу Виргин аралдары. Буга чейин эки Жахабанын Күбөсүнүн каза болгонун билдиргенбиз. Андан кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан өлүмгө дуушар болгондордун саны катталган жок. Алты Жахабанын Күбөсү жараат алган жана 3 000ден ашууну башка жакка көчүрүлгөн. Флориданын борборундагы жана Жоржиядагы жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү кырсык болгон жерден көчүп келген бир туугандарын үйлөрүнө киргизип, аларга кам көрүштү.
Флоридадагы Форт-Лодердейл шаарындагы алыскы котормо кеңсесинде кызмат кылгандар Уест-Палм-Бич шаарындагы жыйындар залына көчүрүлгөн. Ал жакта алар бир нече күн болушкан. Суу ташкынынан улам алыскы котормо кеңсесинде бир нече күн электр жарыгы, Интернет болгон жок. Учурда баары акырындык менен калыбына келип, иш уланууда.
Флорида штатындагы Палм Кост шаарындагы мектептер өткөрүлгөн имараттагы Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайларын окуткан мектепке чакырылгандардын баары жана Падышалыктын жарчылары үчүн мектепке чакырылган үч класстын студенттери башка жакка көчүрүлгөн. Ал имаратта калган 20дай кишинин коопсуздугуна коркунуч туулган жок. Имаратта электр тогунун өчүп калганы эле болбосо, көп зыян келтирилген эмес.
Кызмат бөлүмүндөгү жана жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүндөгү кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үстөлү кырсыктан жабыркаган бир туугандарга жардам берүү ишин көзөмөлдөөдө. Бир туугандардын жардам алууда коопсуздугуна коркунуч туулбашына жана зарыл нерселерди өз убагында алышына кам көрүлүүдө.
Кырсыктан жабыр тарткандарды тамак-аш, суу менен камсыз кылыш үчүн Кошмо Штаттарда атайын жардам берүү борборлору уюштурулду. Мындан тышкары, Пуэрто-Рикодогу КБЖБК аралдардагы Жахабанын Күбөлөрүнө гуманитардык жардам көрсөтүп жатышат.
Кариб аралындагы 61 үй зыянга учурап, 55 үй жарактан чыгып калган. Булардан сырткары, эки Падышалык залы талкаланган.
Филиалдагы жана бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы Жахабанын Күбөлөрү Флоридадагы жана башка аралдардагы ишенимдештерине жардам бериш үчүн барып жатышат. Дагы канча жардам көрсөтүлүшү керектиги такталууда.
«Ирма» куюнунан жапа чеккендерди жана аларга жардам көрсөтүп, жубатып жаткан бир туугандарыбызды унутпай, алар үчүн тиленип турабыз (Римдиктер 15:5; 2 Корунттуктар 1:3, 4, 7; 8:14).
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000
Барбадос: Жонн Медфорд, тел.: +1-246-438-0655
Доминикан Республикасы: Хосуа Фелиз, тел.: +1-809-595-4007
Франция: Гай Канониси, тел.: +33-2-32-25-55-55