Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 14-МАРТ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Орусия өкмөтүнө кат жазуу өнөктүгүнөн дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн биримдиги айкын болду

Орусия өкмөтүнө кат жазуу өнөктүгүнөн дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн биримдиги айкын болду

2017-жылы 21-мартта, шейшемби күнү, Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерин Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө кат жазууга чакырган. Ошол маалда Орусия Федерациясындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салуу коркунучу туулган. Орусиянын бийлик башындагыларына канча кат жеткени так белгилүү болбосо да, кат жазгандардын айрымдары Орусия өкмөтү тарабынан тастык каттарын алышкан. Орусия өкмөтү сылыктык менен жазылган каттарга көңүл бурбай, бийлигин кыянат колдонуп, ишибизге тыюу салса да, кат жазуу өнөктүгүнүн аркасында Жахабанын уюмунун укмуштуудай биримдиги айкын болду. Бул өнөктүк Орусиядагы ишенимдештерибизди да кайраттандырды. Анткени дүйнө жүзүндөгү бир туугандарынын аларды колдоого даяр экенин көрө алышты (1 Петир 2:17).

Кат жазуу өнөктүгүнө катышып жаткан Боливиядагы кичинекей кыз

Көптөр өнөктүккө катышууга көп күч-аракет жумшашкан. Орусияга кат жөнөтүү кымбатка турган кээ бир өлкөлөрдө колунда жок Жахабанын Күбөлөрү да өнөктүккө катыша алышы үчүн, колунда барлары берешендик менен акча жагынан жардам көрсөтүшкөн. Айрым бир туугандар каттарын почта кызматы арзаныраак болгон өлкөлөрдө жашаган достору аркылуу жөнөтүшкөн. Башка жерлерде болсо үй-бүлөлөр же бүтүндөй жыйналыштар чогуу кат жазышып, баарын бир таңгак кылып жөнөтүшкөн. Алар акча-каражатын үнөмдөгөндөн тышкары, эстен кеткис өзгөчө бир окуяга катышып жатканына сүйүнүшкөн.

Кат жазуу өнөктүгүн почтада иштегендер да колдогон учурлар болгон. Мисалы, Барранкильяда (Колумбия) жөнөтүү кызматынын менежери мындай деген: «Силердин бүткүл дүйнөлүк биримдигиңерге таң бердим. Орусиядагы ушундай жагдайга туш болгон ишенимдештериңерди бир кишидей колдоп жатасыңар. Барранкильяда ушундай болуп жатканын көрүп, дүйнө жүзүндөгү шаарларда эмне болуп жатканын элестетип жатам. Башкалар да силердин кат аркылуу жеткиргиңер келген өтүнүчүңөрдүн канчалык маанилүү экенин түшүнсө экен». Ансондо (Түштүк Корея) бир почта кызматкери Жахабанын Күбөлөрү үчүн атайын өзүнчө терезе ачып берген, атүгүл эл аралык маркасы бар конверттердин бекер берилишине кам көргөн.

Гвинеядагы жыйналыш кат жазыш үчүн чогулган

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Ярослав Сивульский мындай деген: «Орусиядагы бир туугандар Жетектөөчү Кеңештин алар үчүн дүйнө жүзү боюнча атайын кат жазуу өнөктүгүн уюштуруп жатканын укканда, соттун чечими кандай болбосун, „биз жалгыз эмеспиз“ деп кадимкидей кайраттанып калышкан».

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон мындай деген: «Бул кат жазуу өнөктүгү Жахабанын уюму ушунчалык биримдүү экенин болуп көрбөгөндөй айкын кылды. Бул дүйнөнүн соңуна жакындаган сайын биримдигибиз барган сайын маанилүү боло берет. Жахаба Орусиядагы жагдайдын өрчүшүн кайсы жакка бурарын азырынча билбейбиз. Кандай болбосун, ал жактагы бир туугандарыбызды колубуздан келишинче колдой беребиз. Ошондой эле баарыбыз алар үчүн мындан ары да тилене беребиз жана Жахаба Кудайыбыздын аларды бардык жактан колдооруна бекем ишенебиз» (Забур 65:2).

 

Австрия

Боливия

Босния жана Герцеговина

Дания

Эквадор

Германия

Гана

Гватемала

Индонезия

Жапония

Непал

Румыния

Руанда

Словакия

Испания

Шри-Ланка

Швейцария

Танзания

Замбия