2018-ЖЫЛ, 24-ЯНВАРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кеннет Кук Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп дайындалды
2018-жылдын 24-январында, шаршемби күнү эртең менен, Кошмо Штаттардагы жана Канададагы Бейтел үй-бүлөсүнө Кеннет Кук бир туугандын Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болуп дайындалганы кулактандырылды. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп дайындалганга чейин Кеннет Кук бир тууган Жазуу комитетинин жардамчысы болуп кызмат кылып келген.
Кук бир тууган пионердик кызматын 1982-жылдын 1-сентябрында баштаган. Ал эми Кошмо Штаттардагы филиалда 1984-жылдын 12-октябрынан тартып кызмат кыла баштаган. Эми Жетектөөчү Кеңеште майланган сегиз бир тууган кызмат кылат.
Баарыбыз тең дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн ишти көзөмөлдөп жаткан Жетектөөчү Кеңешке Жахаба Кудай мындан ары да батасын бере берсин деп биримдикте тиленип турабыз (1 Тесалоникалыктар 5:12, 13).
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000