Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 24-СЕНТЯБРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

«Мангхут» тайфунунун кесепети

«Мангхут» тайфунунун кесепети

«Мангхут» тайфуну бир нече күндөн бери Тынч океанынын батыш жагындагы жана Түштүк Кытай деңизинин жанындагы аймактарды зыянга учуратууда. Бул кырсыктан жабыркаган бир туугандарга кам көргөн филиалдардан төмөнкүдөй билдирүүлөр келген.

Микронезия: «Мангхут» тайфуну 2018-жылдын 10-сентябрында түндүк Мариана аралдар тобундагы Рота аралын бүлгүнгө учураткан. Рота аралында 2002-жылдан бери мындай катуу тайфун боло элек болчу. Бактыга жараша, бир туугандардын эч кимиси жаракат алган эмес жана аралдагы жалгыз Падышалык залы зыян тарткан эмес. Бир ишенимдешибиз үйү оңдолгуча убактылуу башка жерге жайгаштырылган. Райондук көзөмөлчү аралга барып, бир туугандарды жубаткан.

Филиппин: 2018-жылдын 15-сентябрында «Мангхут» тайфуну (жергиликтүү элдин айтканы боюнча «Омпоң») Филиппиндин Кагаян провинциясындагы Баггао шаарынын таш-талканын чыгарган. «Мангхут» Филиппинде бул жылы болгон тайфундардын эң күчтүүсү болгон. Кырсыктан каза болгондордун саны өсүп, учурда 81ге жетти.

Кейиштүүсү, «Мангхут» тайфунунан Бенгет шаарында жашаган бир ишенимдешибиз каза тапкан жана төрт бир тууган жаракат алган. Эң башында келген билдирүүгө ылайык, бир туугандардын 938 үйү талкаланып, 15инин таш-талканы чыгып калган. Ошондой эле, бери дегенде, 28 Падышалык залы зыян тартып, бирөө таптакыр урап калган. Багио, Кауаян, Лаоаг жана Тугегарао шаарларында түзүлгөн Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери (КБЖБК) бир туугандарды зарыл нерселер менен камсыз кылып, сооротуп-жубатып, Кудайга болгон ишенимин бекемдөөдө. Жакында филиалдын комитетинин мүчөсү бир туугандарды жубатып, кайраттандырыш үчүн ал жакка барып келет.

Гонконг: 2018-жылдын 16-сентябрында «Мангхут» тайфуну Гонконгду кыйраткан. Филиал жана Бейтел үй-бүлөсү жашаган имараттар бир аз жабыркаган. Эки Жахабанын Күбөсүнүн үйү катуу талкаланган: бирин дарак басып калган, экинчисинин чатырын шамал учуруп кеткен. Ал эми бир нече үйдү суу каптап калган. Гонконгдогу КБЖБК бир туугандардын зарыл муктаждыгын канааттандырууга дароо киришкен.

Биз «Мангхут» тайфунунан жапа чегип жаткан бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. Ишенимдештерибиздин аларга мээримдүүлүк менен кам көрүп жатканын билгенибиз бизди абдан жубатат. Бир үй-бүлөдөй биримдүү болгон бүткүл дүйнөлүк бир туугандыгыбыз, чын эле, Жахабанын батасы (Накыл сөздөр 17:17).