Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 29-НОЯБРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Орусиянын коопсуздук кызматкерлери Крымдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө рейд жүргүзүштү

Орусиянын коопсуздук кызматкерлери Крымдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө рейд жүргүзүштү

2018-жылдын 15-ноябрында, бейшемби күнү кечинде, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) 200дөй кызматкери Крымдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 8 үйүнө рейд жүргүзгөн.

ФККнын куралданган, бет кап кийген кызматкерлери кирип келгенде, бир туугандарыбыз катуу коркуп кетишкен. Эки ишенимдешибиздин кан басымы аябай көтөрүлүп, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле бир карындашыбыздын боюнан түшүп калган.

Рейд учурунда 78 жаштагы Александр Урсу деген ишенимдешибизге зордук-зомбулук көрсөтүлгөн. Аны дубалга такап, жерге жыгып, колуна кишен салышкан. Андан тышкары, полиция кызматкерлери дагы бир нече бир тууганды суракка алышкан.

Учурда Сергей Филатов (оңдо) бир тууганга гана кылмыш иши козголгон. Бийликтегилер аны Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 282(2)-беренесинин 1-бөлүгүнүн — Орусия Федерациясы Крым жарым аралы да баш ийиши керек деп эсептеген мыйзамдын — негизинде кылмышкер деп табышкан. 4 баланын атасы болгон 47 жаштагы Сергей Филатов — Орусиянын экстремизмге каршы мыйзамына ылайык кылмышкер деп табылган Крымдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн биринчиси.

Биз бир туугандарыбыздын үйлөрүн тинтип, куугунтуктап жатышканына тынчсызданып жатабыз. Ошентсе да кыйынчылыктарга толгон азыркы акыркы күндөрдө Жахаба Кудайыбыздын күч берерине ишенип, кайраттуулугубуздан жазбайбыз (Ышая 41:10).