Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 6-МАРТ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине чакыруу өнөктүгүн өткөрүп жатышат

Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине чакыруу өнөктүгүн өткөрүп жатышат

Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча 2018-жылдын 3-мартынан тартып Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине чакыруу өнөктүгүн башташты. 240 өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын өткөрүлө турган бул маанилүү кечени белгилеш үчүн 31-мартта чогулушат. Ошондой эле алар бардык адамдарды 19-марттан башталган жумада жыйналыштарында айтыла турган «Иса Машаяк чынында ким?» деп аталган Ыйык Китепке негизделген атайын баяндаманы угуп кетүүгө чакырышат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «2017-жылы өткөрүлгөн Эскерүү кечесине 20 000 000дон ашык киши катышкан. Алардын 12 000 000дою Ж;ахабанын Күбөсү эмес. Мындан жыл сайын белгиленген Эскерүү кечесин Жахабанын Күбөлөрү эле эмес, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон кишилер да маанилүү деп эсептээри көрүнүп турат. Биздин максат — бардык адамдарды өздөрүнө жакын жерде өткөрүлө турган Эскерүү кечесине чакыруу».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000