Мазмунун көрсөтүү

Ишенимдешибиз Малави көлүндө каноэге отуруп алып жыйналыш жолугушууларынын видеосун жүктөп алууда

29-ДЕКАБРЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Өзгөчө күч жумшап, тапкычтык кылган ишенимдештерибиз

Өзгөчө күч жумшап, тапкычтык кылган ишенимдештерибиз

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү пандемия учурунда жолугушууларын өткөрүш үчүн техниканын ар кандай түрлөрүн колдонуп жатышат. Бирок Интернет анча жакшы тартпаган обочо аймактагы ишенимдештерибизге жыйналыш жолугушууларынын программасынан артта калбаш үчүн көп күч-аракет жумшаганга туура келүүдө. Ошол эле учурда COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына да карманып жатышат. Мисалга Африкадагы ишенимдештерибизди алалы.

Малави

Ал жакта жашаган ишенимдештерибиздин Интернетке туташканга мүмкүнчүлүгү жок болгон үчүн Zoom тиркемесин колдоно алышпайт. Ошол себептен Малавидеги филиал жума сайын жыйналыш жолугушууларынын видеосун ар бир жыйналыштагы аксакалдарга телефон аркылуу жөнөтүп турат. Аксакалдар болсо видеолорду жыйналышындагы жарчыларга таратат.

Бирок Малавинин түндүк тарабындагы Малави көлүнө жакын жайгашкан тоолуу аймактагы «Чаро» жыйналышындагы 28 жарчыга ал видеолорду алуу кыйынга турат. Тоолор курчап тургандыктан, телефондун сигналдары жакшы тартпайт. Ошондуктан аксакалга телефон жакшы тарткан жерге барыш үчүн көптөгөн чакырымдарды басып өтүүгө туура келет. Ал видеолорду жүктөп алгандан кийин кайра артка кайтып келип, тоолуу аймактарды аралап өтөт да, ар бир жарчынын үйүнүн жанына чейин барат. Анан ошол жерден Bluetooth аркылуу видеолорду жарчыларга жөнөтөт.

Жакында аксакалдар телефон жакшы тарткан жерди таап алып, абдан сүйүнүшкөн. Ал аларга бир топ эле жакын жерде, тагыраак айтканда, Малави көлүнүн орто ченинде. Алар каноэ менен тоолордон алысыраак сүзүп барып, видеолорду жүктөй алышат. Мунун аркасында жолго кеткен убактысы бир топ эле үнөмдөлүп калды.

Мозамбик

Мозамбиктин түндүк-батышындагы алыскы аймактарды «кыдырганда» райондук көзөмөлчүлөр баяндамаларын чөнтөк телефон аркылуу айтышат. Көптөрдө видеобайланыш аркылуу туташууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан райондук көзөмөлчүлөр маңдайына көп телефон коюп алып, сөз сүйлөйт. Ар бир телефонду алар «кыдырган» жыйналыштагы үй-бүлөлөр тыңшап отурат.

Алик Казавэ деген райондук көзөмөлчү баяндама айтып жатат. Маңдайындагы ар бир телефонго ал «кыдырган» жыйналыштагы жарчылар туташкан

Айрым жарчылар аябай алыс жашагандыктан, атүгүл үйлөрү жайгашкан жерде телефон тартпайт. Андыктан жыйналыш болордо ишенимдештерибиз телефондун антеннасы чыкмайынча бир далай жерди басышат. Антенна чыгары менен ошол жерге отурат да, жыйналыштын программасын угушат.

Йоханэ Винхо деген райондук көзөмөлчү: «Жолугушуулардан пайда алыш үчүн көптөгөн бир туугандарыбыз тоодой күч жумшашат»,— дейт. Бул аларга, обочо жашаганына карабай, ишенимин бекем сактаганга жардам берип жатат. Карлус Кортэзю деген дагы бир райондук көзөмөлчү мындай деп кошумчалаган: «Биз Падышалык залында жүргөндөй эле болобуз. Анткени жолугушуулардан чогуу ырдайбыз, жооп беребиз. Жахабанын өз элин пандемияга карабай рухий жактан азыктандырып жатканына күбө болуп жатабыз» (Жакан 21:17).