Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 11-ОКТЯБРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

2019-жылдагы жылдык жолугушуу тууралуу кыскача маалымат

2019-жылдагы жылдык жолугушуу тууралуу кыскача маалымат

2019-жылдын 5-октябрында, ишемби күнү, Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) жылдык жолугушуусунун расмий бөлүгү өткөрүлдү. Ал жолугушуу (АКШ, Нью-Йорк) Ньюбург шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындар залында өттү. Андан кийин Жетектөөчү Кеңеш даярдаган ишенимди бекемдеген программа болду. Аны көргөндөрдүн жалпы саны, видео байланыш аркылуу көргөндөрдү кошкондо, 20 679ду түздү. Төмөндөн ошол жолугушуунун урунттуу жерлери тууралуу биле аласыңар a.

«Бир эле жол башчыңар бар. Ал — Машаяк»

Алгачкы баяндаманы программанын төрагасы Геррит Лёш айтты. Анын баяндамасы Матай 23:10го негизделди. Ал биздин жол башчыбыз адам эмес, Иса Машаяк экенин баса белгиледи.

Жахаба жардам берүү иш-чарасы аркылуу жабыр тарткандарды колдоп жатат

Стивен Летт марттык менен тартуу кылуунун канчалык маанилүү экенин түшүндүрүп берди. Ал кырсыктан жабыр тарткандарга жардам бергенибиз берешендикке жатарын айтты. Ошондой эле 2018, 2019-жылдары болгон табигый кырсыктардын кесепети, жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн кандай иштер кылынганы тууралуу кыскача маалымат берди. Билдирүүгө ылайык, кырсыктан зыян тарткан ишенимдештерибиздин саны 900 000ден ашкан. Ал эми зыянга учураган же талкаланган Падышалык залдарынын саны 700дөн ашса, ишенимдештерибиздин зыян тарткан же талкаланган үйлөрүнүн саны 15 000ге жеткен. Жахабанын Күбөлөрү жардам берүү ишине 49 500 миллион доллар сарптаган.

Баяндама кыскача тасма менен коштолду. Тасмада ишенимдештерибиздин чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргени көрсөтүлдү.

«Кудайыбыз бизге жардам берет, „дубалды кайра тургузабыз!“»

Бул тасмада Жахабанын Күбөлөрү дээрлик 80 000ге жакын имаратты тейлей турганы көрсөтүлдү. Ошондой эле аларды күтө билүү, оңдоп-түзөө жана Кудайдын ишин аткарууда керек болгон жаңы имараттарды куруу үчүн кандай ыкмалар колдонулары түшүндүрүлдү.

«Сатылып алынган жерлердин тарых-таржымалы» | Тасма

Бул тасмада үч ишенимдешибиз: Макс Ларсон, Жорж Кауч, Гилберт Назарофф менен курулган архивде сакталган маек көрсөтүлдү. Ал ишенимдештерибиз кезинде Кошмо Штаттардагы филиалды, башкы башкармалык жайгашкан имараттарды курганга жер тандап, сатып алганга көмөк көрсөтүшкөн. Алар Жахабанын кантип колдогонун даана көрүшкөнүн айтып беришкен.

«Жакында жаңы имарат курулат» | Тасма

Бул тасмада Жахабанын Күбөлөрүнүн Нью-Йорк штатындагы Рамапо шаарында жаңы имарат курууну ойлонуштуруп жатканы айтылды. Келечекте видеоматериалдардын баары ошол жерде даярдалып калат. Ал жер башкы башкармалык орун алган Уорик (Нью-Йорк) шаарынан 3 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Курулуш 2022-жылы башталып, 2026-жылы декабрда аяктамакчы. Иш кызыган кезде күнүнө бир жарым миңдей ыктыярчы керек болору эсептелди.

Нью-Йорктогу Рамапо шаарында курула турган Бейтел имаратынын көрүнүшү. Анда студия, кеңселер, турак жайлар жана маалымат берүү борбору жайгашат

«Арыз толтуруунун жаңы жолу» | Тасма

Бул тасмада көрсөтүлгөндөй, көбүрөөк кызмат кылгысы келген жарчылар 2020-жылдан баштап арызды jw.org сайты аркылуу толтуруп, аксакалдарга жөнөтө алат. Аксакалдар болсо алардын арызын карап чыгышат.

JW.ORG сайтындагы аудиоматериалдарды угуунун жаңы ыкмасы

Эми jw.org сайтындагы аудиоматериалдарды «Amazon Alexa» же «Google Assistant» деген программалар аркылуу укса болот.

Түндүктөн жасалган чабуул

Дэйвид Сплэйн Жоел китебинин 2-бөлүмүндө жазылган чегирткелердин каптаганы жөнүндөгү пайгамбарлыкты жаңыча түшүндүрүп берди. Ал пайгамбарлыктын мааниси талкууланган макала «Күзөт мунарасы» журналына чыгат. Аны чыдамсыздык менен күтөбүз.

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» (изилдөөгө арналган чыгарылышы) Матай китебинен Элчилер китебине чейинки бөлүгү камтылган чыгарылышы

Ыйык Китептин изилдөөгө арналган чыгарылышы Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берет

Сэмюэл Хёрд Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» изилдөө жүргүзүүгө арналган чыгарылышынын эмнеси менен пайдалуу экенин айтып берди. Ал онлайн түрүндө бар. Сэмюэл Хёрд Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» изилдөөгө арналган чыгарылышы кагаз жүзүндө жарык көргөнүн да кулактандырды. Ал чыгарылышта Матай китебинен Элчилер китебине чейинки китептер камтылат. Аны жергиликтүү жыйналыш аркылуу буйрутма берип алдырса болот.

Тоодой иштер аткарылышы керек!

Энтони Моррис кабар айтуу ишинин Исанын жолдоочулары биринчи кезекте аткара турган иш экенине басым жасады. Биздин уюмга караштуу имараттар Жетектөөчү Кеңешке кабар айтуу ишин жүргүзүүгө, Жахабанын элин рухий тамак менен камсыз кылууга көмөк кылып келет. Ал 1976-жылы чыккан «Күзөт мунарасынын» 15-ноябрдагы санынан ойлондурарлык мындай сөздөрдү цитата кылды: «Улуу алаамат кабар айтуу иши кызуу жүрүп жаткан учурда келет. Ошол учурда иш кайнап, кабар айтуу ишине мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде катышып жаткан болобуз. Иса Машаяк сот жүргүзүш үчүн келгени баарына күтүлбөгөн жерден болот. Ал тургай бул Жахабанын эли үчүн да капыстан болот. Ошол кезде алар Жахабанын иши менен толук алектенип жаткан болушат».

Кимден коркушубуз керек?

Марк Сандерсон, Иса алдын ала айткандай, Кудайдын эли «бардык элдерге жек көрүндү» болоруна таң калбашы керектигин түшүндүрүп берди (Матай 24:9). Бирок адамдардан эмес, Жахабадан коркушубуз керектигин баса белгиледи (Забур 111:10).

Андан соң Орусиядагы куугунтукталып жаткан ишенимдештерибиз жөнүндө жүрөк козгоорлук тасма көрсөтүлдү. Ал тасмада бир туугандар куугунтуктан кандайча коркпой калганын айтып беришти. Баяндама да, тасма да Жахабанын элине Орусиядагы ишенимдештеринен үлгү алууга түрткү берди.

Сен соосуңбу?

Жеффри Жэксон Грек Жазмаларындагы түзмө-түз «соо» дегенди билдирген сөздүн маанисин тереңирээк ачып берди. Ошондой эле азыркы акыркы күндөрдө мындан ары да «бардык жагынан сергек» (сөзмө-сөз «сопсоо болуу») болуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи (1 Петир 1:13).

Сен да өз салымыңды кошосуңбу?

Кеннет Кук 2020-жылдын жылдык аяты катары Матай 28:19дун тандалганын кулактандырды. Ал жерде: «Ошондуктан баргыла да,.. шакирт даярдагыла... Аларды чөмүлдүргүлө»,— деп жазылган. Ал жүрөгү таза адамдарга өмүрүн Жахабага арнап чөмүлүүгө жардам берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ооба, Жахабанын уюмундагы жылдык жолугушуу сыяктуу программалар мындан ары да ага бүт күчүбүз менен кызмат кыла берүүгө түрткү берет.

a Жылдык жолугушуунун толук программасы 2020-жылдын январь айында чыгат