22-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
2020-жылдын Эскерүү кечеси. Азия
Жапониядагы жана Түштүк Кореядагы ишенимдештерибиз карылыкка, начар ден-соолукка карабай аземге катыша алышты
COVID-19 пандемиясынын айынан ооруканада жаткан же карылар үйүндө жашаган бир туугандар үчүн Эскерүү кечесин белгилөө өзгөчө кыйын болду. Себеби көп жерлерде аларга сыртка чыгууга жана бирөөлөрдүн келишине уруксат берилген эмес. Ушундай кыйынчылыктарга карабай алар жергиликтүү аксакалдардын жардамы менен жылдын эң маанилүү аземин белгилей алышты.
Түштүк Корея
Наджу шаарында жашаган 91 жаштагы Ли Жим Сун жана 88 жаштагы Квон Э Сун деген ишенимдештерибиз 96 жаштагы Ыйык Китепти изилдеген апа менен бирге Эскерүү кечесин белгилегиси келишкен. Алар жашаган карылар үйүндө бир ишенимдешибиз доктур болуп иштейт. Ал үйүнөн Эскерүү кечесин жыйналышы менен бирге белгилегенден кийин, кайра карылар үйүнө барып, апаларга Эскерүү кечесинин программасын jw.org сайтынан көрүүгө жардам берген. Ал бир тууган Эскерүүдө колдонулчу символдорду да ала барган.
Ыйджонбу шаарында Чой Чжэ Чхоль бир тууган 14 кары ишенимдешибиз жашаган карылар үйүндө иштейт. Ал ишенимдешибиз ал жакта жашаган бир туугандарга жана алардын кызыгуучуларына пандемияга карабай Эскерүү кечесин видео байланыш аркылуу белгилөөгө көмөктөшкөн. Аземге катышкан айрым кызыгуучулар менен ыйык китептик изилдөө башталган.
59 жаштагы Ким Тэ Сун бир тууган Чхонан шаарында жашайт. Беш жыл мурун анын рак оорусу менен ооруй турганы аныкталган. Азыркы учурда ал катуу ооругандыктан, ооруканага жаткырылган. Аны менен бир палатада Ким Чон Ми деген ишенимдешибиз жатат. Ал 69 жашта жана акыркы баскычтагы рак оорусу менен ооруйт. Алар пандемия маалында ооруканадан чыга алышпайт. Ошентсе да, алар жергиликтүү аксакалдардын жардамы менен видео байланыш аркылуу Эскерүү кечесине катышып, жыйналыштагы ишенимдештери менен көрүшө алышты.
Ал эки бир тууганыбыз чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгын аксакалдарга кат аркылуу билдиришкен. Алар мындай деп жазышкан: «Коронавируска байланыштуу жагдайга жана начар ден соолугубузга карабай бизге Эскерүү кечесине катышууга, жыйналыштагы ишенимдештерибиз менен пикирлешүүгө жардам бергениңерге чоң рахмат».
Жапония
Жапониядагы Миэ префектурасында жашаган 70 жаштагы Миёко Фудживара бир тууган ооруканага жатып калган. Ооруканада Интернет жок болгондуктан, ал Эскерүү аземин белгилөө үчүн жыйналышына туташа алмак эмес. Бирок жергиликтүү аксакал жубайы менен анын электрондук каражатына Эскерүү кечесинин баяндамасын көчүрүп берген. Мунун аркасында ал ооруканада жатып эле баяндаманы угуп, көрө алган.
Канагава префектурасынын Дзама шаарындагы карылар үйүндө 102 жаштагы Юки Такэучи бир тууганыбыз жашайт. Эскерүү аземинин алдында анын кызы менен күйөө баласы ага нан, шарап берип жиберишкен. Ошентип, ал Эскерүү кечесин кызы жана күйөө баласы менен телефон аркылуу белгилеген.
Анын күйөө баласы, Мимура бир тууган, мындай дейт: «Апам 1954-жылы чөмүлгөн. Ошондон бери бир да Эскерүү кечесин калтырган эмес. Быйыл Эскерүү аземи өзгөчө өтсө да, ал ага катыша алганына аябай сүйүндү».
Жахабанын бул кары ишенимдештерибиздин жергиликтүү аксакалдардын жардамы менен Эскерүү кечесине катышууга жумшаган аракетин байкаарына эч шектенбейбиз (Еврейлер 6:10).