16-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
2020-жылдын Эскерүү кечеси. Африка
Программа телевизор жана радио аркылуу берилди
Быйыл Машаяктын өлүмүн эскерүү кечеси теократиялык тарыхыбызда өзгөчө өткөрүлдү. Биринчи жолу Африканын көптөгөн жерлеринде Эскерүү кечесинин программасы бир нече тилде телевизор жана радио аркылуу берилди.
Мунун аркасында Эскерүү кечесинин программасын 407 000ден ашуун жарчы, ошондой эле белгисиз сандагы кызыккан кишилер уга алышты. Аземге катышкандардын жалпы саны белгисиз болсо да, программа берилген аймакта 150 миллиондон ашуун киши жашайт.
COVID-19 вирусунун айынан дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдар Эскерүү кечесине видео байланыш аркылуу катышты. Бирок Африкадагы көп жарчылар Интернет жана телефон аркылуу видеону көрүү же жүктөп алуу кымбатка турган жерлерде жашайт. Ошондуктан Жетектөөчү Кеңеш айрым филиалдарга Эскерүү кечесинин программасы жергиликтүү жана улуттук телеканалдар, радио станциялар аркылуу берилиши үчүн, ал компаниялар менен анча кымбат эмес баада келишим түзүүгө уруксат берген.
Эскерүү кечесине чейин Ангола, Бенин, Камерун, Кот-д’Ивуар, Конго Демократиялык Республикасы, Гана, Малави, Мозамбик, Сенегал, Замбия жана Зимбабведеги 11 филиал Эскерүү кечесине арналган баяндама 16 өлкөдө, 36дан ашуун аймакта көрсөтүлүшү үчүн, телерадиоберүү компаниялары менен сүйлөшүшкөн.
Ангола
Алты радио станциясы Эскерүү кечесинин программасын алты тилде: ибинда, киконго, кимбунду, ньянека, португал жана умбунду тилдеринде уктурууга макул болушкан. Ал станциялар программаны өлкөнүн жык отурукташкан аймактарында беришкен.
Конго Демократиялык Республикасы
Ыйык Китепти изилдеген бир кыздын үй-бүлөсү Жахабанын Күбөлөрүнө каршы болгондуктан, ал Эскерүү кечесин жалгыз көрөйүн деп жаткан. Бирок баяндаманы угууга даярданып жатканда, атасы башка бөлмөдөн: «Башталды!» — деп кыйкырып, аны чакырган. Ал бөлмөгө киргенде, бүт үй-бүлөсү телевизордон Эскерүү кечесин көрүү үчүн чогулганын көрүп, таң калган. Ошентип, кызыгуучунун бүт үй-бүлөсү, 10 киши, Эскерүү аземине катышкан.
Луэна шаарына жакын жайгашкан бир айылдагы Жахабанын Күбөсү болбогон бир киши мындай деген: «Биздин пасторубуз эч нерсе кылган жок. Силер болсо пандемия учурунда да Кудайыңарга сыйынып жатасыңар. Биз силерге кошулабыз!»
Гана
Улуттук телестанция Эскерүү аземинин программасын тви тилинде көрсөтүүгө макул болгон. Ал станция элди аземди көрүүгө чакыруу үчүн жарнама көрсөткөн. Эскерүү кечесинин программасынан тышкары, «Иса пайгамбар эмне үчүн өлгөн?», «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?» деген тасмалар жана «Келет жаңы заман», «Ашты кыялың ишке» деген видеоклиптер көрсөтүлгөн.
Сенегал
Бир ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүштү: «Жахаба телевизор жана радио аркылуу сүйлөдү. Бул керемет! Кудайдын батасын сезип, жүрөгүбүз кубанычка бөлөнүүдө. Бул — биздин Кудайыбыз Жахаба!»
Башка бир тууганыбыз мындай дейт: «Эскерүү кечесине арналган баяндама телевизордон көрсөтүлөрүн укканда, ичимен: „Пандемиянын айынан чакыруу өнөктүгүнө катыша албай калсак да, көптөгөн адамдар Эскерүү аземин телевизордон көрө алышат турбайбы“,— деп ойлодум. Анан дароо бул тууралуу кызыгуучуларга, мурда Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшүп жүргөндөргө, Жахабанын Күбөсү болбогон тааныштарымдын баарына чалып айттым. Мени менен Ыйык Китепти изилдеген тогуз киши үй-бүлөлөрү менен программаны көрө алышты. Программаны телевизордон көргөн Зигиншордогу туугандарымдын бири: „Бул тууралуу көбүрөөк сүйлөшсөк болобу?“ — деп сурады. Мен сүйүнүп, макул болдум».
Бул өзгөчө чара Жахабанын «колунан келбеген эч нерсе жок» экенин дагы бир ирет далилдеп турат (Матай 19:26).