Мазмунун көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү Эскерүү кечесине арналган баяндаманы айтып жатышат: (солдо) Энтони Моррис бир тууган Бейтел үй-бүлөсүнө баяндама айтып жатат; (оң тараптын жогору жагында) Жеффри Жэксон жана (оң тараптын ылдый жагында) Марк Сандерсон бир туугандар өз бөлмөлөрүнөн видео байланыш аркылуу баяндама айтып жатышат

10-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

2020-жылдын Эскерүү кечеси. Кошмо Штаттардагы Бейтел

2020-жылдын Эскерүү кечеси. Кошмо Штаттардагы Бейтел

Коронавирус пандемиясы күч алып жаткан маалда дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү 2020-жылдын 7-апрелинде Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесин белгилешти. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт айткандай, дүйнөдөгү бир да вирус, бир да пандемия Жахаба менен Исага болгон ыраазычылыгыбызды билдирүүгө жана Эскерүү кечесин белгилөөгө тоскоолдук кыла албайт. Быйыл бул сөздөрдүн калетсиз экени кандайча далилденди?

Бул төгөрөктүн төрт бурчундагы ишенимдештерибиздин пандемия маалында Эскерүү кечесин кантип өткөргөнү жөнүндө жаңылыктарга чыга турган катар макалалардын биринчиси. Бул макаладан Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында жана Кошмо Штаттардагы филиалда Эскерүү аземи кантип өткөрүлгөнүн билебиз.

Бийликтегилер көп киши болуп чогулууга тыюу салгандыктан, Жетектөөчү Кеңеш ал көрсөтмөгө ылайык, Бейтел үй-бүлөсүнө Эскерүү кечесинин бир эле программасы көрсөтүлөт деп чечкен. Эскерүүгө арналган баяндаманы Энтони Моррис бир тууган Уориктеги залдан айткан. Кошмо Штаттардагы Бейтел үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү программаны өз бөлмөлөрүнөн көрө алышты. Символдордон ооз тийгендердин саны аз болсо да, Бейтел бюросу символдордун бейтелдиктердин баарында болушуна кам көргөн.

Бейтел үй-бүлөсү үчүн даярдалган Эскерүү кечесинин символдору

Ошондой эле бейтелдиктер Эскерүү кечесин видео байланыш аркылуу өздөрүнүн жыйналышы менен өткөрө алышмак. Андан сырткары, Бейтелдеги айрым аксакалдар Эскерүү кечесине арналган баяндаманы видео байланыш аркылуу айтышкан.

Уолкиллдеги Бейтелде кызмат кылган жубайлар Эскерүү кечесине өз бөлмөсүнөн катышып жатышат

Бейтелдиктердин көбү быйылкы Эскерүү аземи өзгөчө болгонун, мурун андай аземге катышып көрбөгөнүн айтышты. Алар ишенимдештери менен чогуу бир жерде болушпаса да, Жахаба Кудайдын жана анын сүйүктүү Уулу Иса Машаяктын көрсөткөн зор сүйүүсүн бирге сезе алышты (Жакан 3:16; Матай 20:28).