29-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
2020-жылдын Эскерүү кечеси. Чар тараптан келип түшкөн сүрөттөр
Учурда обочолонууга мажбур болсок да, ыраазычылык билдиришибизге эч нерсе тоскоолдук кыла алган жок
2020-жылдын 7-апрелинде күн баткандан кийин дүйнөнүн төрт тарабындагы боордоштугубуз тарыхта өзгөчө из калтырган Эскерүү кечесин белгиледи. Күч алган пандемиянын айынан бул аземди адаттагыдай чогулуп белгилей албасак да, Исанын: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген буйругун аткарганга чечкиндүү экенибизди башкача жол менен көрсөттүк (Лука 22:19). Дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибиз — жалгыз бойлор, жубайлар, бала-бакыралуу үй-бүлөлөр, кары-картаң бир туугандарыбыз — бардыгыбыз биримдикте Жахаба Кудай менен Иса Машаякка болгон ыраазычылыгыбызды билдирдик.
Төгөрөктүн төрт бурчундагы ишенимдештерибиздин 2020-жылдын Эскерүү кечесине кантип даярданганын, белгилегенин көрсөткөн сүрөттөрдү кубана көргүлө!