Мазмунун көрсөтүү

21-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

2020-жылдын Эскерүү кечеси. JW.ORG сайты

Расмий веб-сайтыбызга киргендердин саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү

2020-жылдын Эскерүү кечеси. JW.ORG сайты

COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча жайылып жаткан учурда Жахабанын Күбөлөрү Эскерүү кечеси алдында кабар айтуу ишине көбүрөөк катышуу үчүн бүт күчүн жумшашты. Натыйжада көптөгөн адамдар Ыйык Китептен соороторлук маалыматтарды жана жаңылыктарды табуу үчүн jw.org сайтына кирип жатышат. Март айында сайтка киргендердин саны мурунку айга караганда 50 пайызга көбөйгөн жана Ыйык Китепти изилдегиси келгендердин саны болуп көрбөгөндөй өскөн.

Пандемия башталганда jw.org сайтына киргендердин саны акырындык менен өсө баштаган. Февраль айында сайтыбызга күнүнө адаттагыдай эле эки миллиондой адам кирди. Март айында болсо бир күндө 3 миллиондон ашуун киши кирип турду, ал эми коронавируска байланыштуу акыркы маалыматтар чыккан күндөрү төрт жарым миллиондон ашуун киши кирди. 7-апрелде, 2020-жылдын Эскерүү кечеси күнү, jw.org сайтына жети миллиондон ашык киши кирген, алардын көбү таңкы сыйынууну жана Эскерүү кечесине арналган баяндаманы көрүшкөн.

Сайтка киргендер: Пандемия маалында jw.org сайтына киргендердин саны укмуштуудай өстү. Алардын жогорку саны Эскерүү кечеси күнү жети миллиондон ашты

Уориктеги (Нью-Йорк) Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгындагы КБЭСти программалоо бөлүмүнүн көзөмөлчүсү Клайв Мартин мындай дейт: «Жылдын ушул мезгилинде көптөгөн адамдар Эскерүү кечеси каякта жана качан өткөрүлөрүн билүү үчүн jw.org сайтына киришет. Быйыл көптөгөн кызыгуучулар Эскерүү кечесине жергиликтүү жыйналыштагылар менен бир жерге чогула албагандыктан, 2020-жылдын атайын баяндамасын жана Эскерүү кечесине арналган баяндаманы сайтыбызга 500дөн ашуун тилде чыгардык. Ал программаларды миллиондогондор көрүшкөн же жүктөп алышкан. Азыркы оор кырдаалда сайтка киргендердин саны кескин түрдө өскөнү jw.org сайтыбыздын Жахабанын Күбөлөрүнө гана эмес, башка адамдарга да Ыйык Китептеги жубатарлык ойлорду жана көрсөтмөлөрдү берүүдө маанилүү роль ойноорун көрсөтүп турат».

Жүктөлгөн материалдар: Жүктөлүп алынган атайын баяндаманын (кызгылт сары) жана Эскерүү кечесине арналган баяндаманын (көк) саны

Сайтка киргендердин көбү ден-соолукка жана ооруну алдын алууга байланыштуу маалыматтарды, ошондой эле стресске жана тынчсызданууга байланыштуу макалаларды издейт. Андан сырткары, Ыйык Китептеги акыркы күндөрдүн белгилери жана Аян китебинин 6-бөлүмүндө жазылган төрт чабандес тууралуу маалымат издегендер да арбын.

Адатта, веб-сайтыбыз аркылуу күн сайын 250дөй киши Ыйык Китепти изилдегиси келерин билдирип турат. Азыр алардын саны бир топ көбөйдү. Март айында изилдегиси келгендердин саны 40 пайызга өсүп, күнүнө 350дөй же айына 11 000дей билдирүү түштү. Эскерүү аземи болгон күнү жана эртеси 1000ден ашуун киши Ыйык Китепти онлайн изилдегиси келерин билдирди.

Иса рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу болорун айткан (Матай 5:3). Азыркы кыйын мезгилде көптөрдүн сооронуч жана жардам алуу үчүн Жахабага жана анын уюмуна кайрылып жатканы кубандырбай койбойт (2 Корунттуктар 1:3, 4).