Мазмунун көрсөтүү

3-ДЕКАБРЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

2020-жылкы атайын өнөктүк. Бийлик өкүлдөрүнүн ыраазычылыгы

2020-жылкы атайын өнөктүк. Бийлик өкүлдөрүнүн ыраазычылыгы

Ноябрь айында дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү 2020-жылдын №2 санындагы «Күзөт мунарасынын» жалпыга арналган чыгарылышын таратуу боюнча өнөктүкө катышышты. Алар журналды ишкерлерге, тууган-туушкандарына жана кызыккан адамдарга сунушташты. Ошондой эле бул өнөктүктө журнал ар кандай кызмат орундарын ээлеген бир катар бийлик өкүлдөрүнө максаттуу түрдө берилди. Натыйжада ар кайсы жерлердеги филиалдарга бийлик өкүлдөрү тарабынан көптөгөн ыраазычылык каттар келип түштү.

Алсак, Сьерра-Леоненин жер, турак-жай жана архитектура министринин орун басары Рекс Бонафа ага журнал жөнөтүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирип, ишенимдештерибизге кат жөнөткөн. Ал: «Журналыңар жан дүйнөмдү байытты десем жаңылбайм. Андан жаңы көп нерселерди билдим. Аны күнүгө окуп жатам»,— деп кошумчалаган.

Самоанын премьер-министри бир туугандарыбызга ыраазычылык кат жазып, Иса Машаяк үйрөткөн тиленүүнү абдан баалаарын билдирген. Ал эми Самоанын өлкө башчысы Туималеалиифано Ваалетоа Суалауви II Ыйык Китептин негизинде жүргүзгөн билим берүү ишибизге аябай ыраазы экенин айткан. Мунун себебин ал: «Көптөргө Ыйык Китеп жөнүндө окутуп-үйрөткөнүңөрдүн аркасында алардын жашоосу жакшы жакка өзгөрүүдө»,— деп түшүндүргөн. Андан тышкары, ал бир туугандарыбызды COVID-19 пандемиясы учурунда адамдар менен бетме-бет жолугууну, үймө-үй кабар айтууну убактылуу токтоткону үчүн мактаган.

Чилидеги бир муниципалитетинин секретары Освалдо Картагэна Гарсия мындай деген: «Эл агарткан бул өнөктүк аркылуу өлкөбүздүн бийлик өкүлдөрү менен жамааттар кеңири маалымат алып, элдин жыргалчылыгы үчүн жакшы иштерди кылууга түрткү алат деп үмүттөнөм. Бул өзгөчө азыр биздин өлкө, деги эле бүт дүйнө туш болуп жаткан оор кырдаалда абдан маанилүү болуп жатат».

Германиянын парламентинин мүчөсү (Германиянын Бундестагы) ал өлкөдө жайгашкан Борбордук Европа филиалына мындай деп кат жазган: «Силердин диниңер жөнүндө жакшы маалымдармын. Диниңерди туткандарды аябай сыйлайм. Себеби алар өздөрүн Жахабанын Күбөсү экенин тайманбай айтышат... Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн Үчүнчү рейх (нациссттик режим) учурунда мыкаачылык менен куугунтукталганын билем».

Германиянын федералдык бир штатынын министирлери COVID-19 пандемиясы учурунда башкаларды сооротуп жаткан Жахабанын Күбөлөрүнө ыраазычылыгын билдиришкен. Алар: «Жергебиздеги калкка жакшы сөздөрдү айтып, жубатып жатканыңардын аркасында ортодо биримдик өкүм сүрүүдө»,— дешкен.

Колумбиянын Сенатынын мүчөсү, ошондой эле Өкүлдөр Палатасынын мүчөсү аларга жөнөтүлгөн журнал үчүн рахмат айтып, филиалга кат жазышкан. Журналды башкаларга да окуганга берерин айтышкан. Ал эми айлана-чөйрөнү, турак-жай курулушун өнүктүрүү боюнча министрлигинин өкүлү мындай деп жазып жиберген: «„Күзөт мунарасы“ журналын жөнөткөнүңөр үчүн чоң рахмат. Анда өмүр сактап кала турган сонун кабар камтылат экен!»

Гананын Жапониядагы элчиси Франк Окейре: «Журналыңар абдан кызыктуу экен. Анткени анда адамзат туш болуп жаткан көптөгөн көйгөйлөрдүн кантип чечилери жазылыптыр»,— деп жазган.

Азербайжандагы бир элчи да мындай деп ой бөлүшкөн: «„Күзөт мунарасы“ журналынын атайын даярдалган санын элчилигибизге алып келип бергениңерге ыраазыбыз. Журналды аябай кызыгып окудум».

Баарыбыз тең Мозамбиктеги филиалдагы жалпыга маалымат берүү үстөлүнүн көзөмөлчүсү Амаро Тишейранын сөздөрүнө кошулабыз. Ал: «Өнөктүк биз күткөндөн да сонун болду. Анткени Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды адатта оңой менен жолуктура албаган адамдарга жеткире алдык»,— деген.

Ыйык Китептеги жакшы кабар «жогорку абалды ээлегендердин баарына» жеткен сайын ушундай каттар келерине күмөн санабайбыз (1 Тиметей 2:2).