31-АВГУСТ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
2020-кызмат жылындагы орчундуу окуялар
2020-кызмат жылында дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү рухий жашоосуна байланыштуу болуп көрбөгөн кыйынчылыктарга кабылышса да, жүрүшүнөн жазган жок. Кайра, берилгендик көрсөткөнгө, биримдигин сактаганга болгон чечкиндүүлүгү айкындалды.
Адамзат коомунун тарыхында эң чоң жарака COVID-19 илдетинин айынан кеткени талашсыз.
Анткен менен Жахабанын Күбөлөрү дүрбөлөңгө түшкөн жок. Алар Кудайга сыйынгандын, бири-бирин бекемдегендин жана башкаларга үмүт берерлик кабарды айткандын жаңы жолдорун өздөштүрүштү.
Анда эмесе, ушул өзгөчө жылы жаңылыктар түрмөгүнө жарыяланган «жакшы кабарларга» сереп салалы (Накыл сөздөр 15:30).
Ыйык Китеп которулган тилдер кошулду
Ушул кызмат жылында Ыйык Китеп толугу менен же жарым-жартылай дагы 36 тилге которулду. COVID-19га байланышкан чектөөлөрдөн улам котормолордун көбү электрондук түрдө жарык көрүп, бул тууралуу кулактандыруулар онлайн жасалды. Учурда «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен же жарым-жартылай которулган тилдердин саны 193кө жетти.
Жетектөөчү Кеңештин отчёттору
2020-жылдын 18-мартынан тартып Жетектөөчү Кеңеш ай сайын jw.org сайтына жана JW Library тиркемесине пандемияга байланыштуу атайын видеопрограмманы чыгарып келет.
Ошондой отчёттордун биринчисинде Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт пандемия бүтүндөй жер шарын стресске кабылтканын, бирок «акыркы күндөрдүн акыркы бөлүгүндө, ошол акыркы бөлүгүнүн акыркы бөлүгүндө, башкача айтканда, акыркы күндөрдүн так акыркы күнүнүн босогосунда жашап жатканыбызды» айкындап турганын баса белгилеп өткөн.
Элдер келечегин ойлоп бушайман болуп жатышса да «Жахабанын эли катары биз дүрбөлөңгө түшпөшүбүз» керектигин айткан.
Ар бир отчётто дүйнөнүн чар тарабында болгон бекемдээрлик окуялар айтылып келет. Анан Жетектөөчү Кеңештин көрсөтмөлөрүнө так кармануу канчалык пайдалуу экенин белгиленет. Пандемияга карата өз убагында, туура жетекчилик бергенибиз үчүн бизди мактаган бийлик өкүлдөрдү да аз эмес.
Өзгөчө жол менен белгиленген Эскерүү кечеси
Ондогон жылдардан бери Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскериш үчүн чогулушат. Бул жылы көптөгөн жерлерде көп кишинин чогулганы коопсуз болбогондуктан жолугушууларды өткөрбөй эле коюу кеңеш кылынды же аларга такыр эле тыюу салынды. Ошон үчүн көптөр Эскерүү кечесинде колдонулчу символдорду өздөрү жасап, ага арналган баяндаманы видеобайланыш аркылуу угушту.
Тилекке каршы, видеобайланыш мүмкүн болбогон жерлер да болду. Алсак, Африкадагы 11 филиал бул алар үчүн мүмкүн эмес экенин билдирди. Ошондуктан керектүү чаралар көрүлүп, аларга Эскерүүгө байланыштуу программанын теле жана радио каналдар аркылуу берилишине уруксат берилди. Натыйжада аны 407 000 ашуун жарчы жана белгисиз сандагы кызыккан адамдар көрө же уга алышты.
Жыйналыш жолугушууларыбыздын программасы теле жана радио каналдардан берилип жатат
Жетектөөчү Кеңеш айрым филиалдарга Эскерүүгө карата көрүлгөн чаралардын кадимки жыйналыш жолугушууларынын өткөрүлүшүнө да колдонулушуна уруксат берди. Мунун аркасында электрондук каражаттары жок жерлерде жашаган көптөгөн жарчылар жума сайынкы жолугушуулардын радио же теле каналдар аркылуу берилген программасынан пайда алып жатышат. Азыркы тапта бардыгы биригип 23 филиал (Африка, Европа, Түндүк Америка жана Түштүк Америкада) жарчыларына ушундай жол менен кам көрүп келет.
Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери
Коронавирустун айынан көптөгөн ишенимдештерибиз эң зарыл нерселерден өксүп калган учурлар да болбой койгон жок. Жергиликтүү бир туугандарыбыз жардам бере албаган учурларда жардам көрсөтүлүшү үчүн дүйнө жүзү боюнча 400дөн ашык Кырсык болгондо жардам берүү комитети түзүлдү. 2020-кызмат жылында Жетектөөчү Кеңеш COVID-19дан жапа чеккен 330 000 ашуун жарчыга жардам көрсөтүш үчүн 18 миллиондон ашуун доллар сарптаганга уруксат берди.
Онлайн өткөрүлгөн жыйындар
Тарыхта биринчи жолу жыйындарыбыз онлайн өткөрүлдү. Жыйындын бүтүндөй программасы алдын ала жаздырылып, аны Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү жана алардын жардамчылары алып барышты. Видео түрүндө даярдалган бул программа 500дөн ашуун тилге которулду. Анан жарчылар менен Ыйык Китепте камтылган чындыктарга кызыккан адамдар аны коопсуз үйлөрүнөн эле көрө алышы үчүн jw.org сайтына, JW Library тиркемесине салынды.
Куугунтуктар токтогон жок
Айрым жерлерде ишенимдештерибиз бир жагынан пандемия менен күрөшсө, экинчи жагынан күч алып жаткан куугунтукка туруштук берип келишет.
Өткөн кызмат жылынын ичинде Орусияда жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрү мыйзамсыз түрдө тинтилип, айрымдары камакка алынышты. Учурда Орусияда 42, Крымда 2 бир тууганыбыз камакта отурат. 2017-жылы Орусиянын Жогорку соту чечим чыгаргандан бери 1 000ден ашуун ишенимдешибиздин үйү тинтилди.
Учурда Эритрея өлкөсүндө 52 Жахабанын Күбөсү түрмөдө отурат. Бул эң жогорку сан болуп эсептелет. Алардын арасында Паулос Яассу, Исаак Могос жана Негеде Теклемариам бар. Алар аскер кызматын өтөөгө абийири жол бербегендиктен андан баш тартканы үчүн 1994-жылдын 17-сентябрынан тартып абакта отурат. Дагы 26сынын түрмөдө отурганына он жылдан ашып калды.
Камактагы ишенимдештерибизге кайрат сурап, алар үчүн тиленгенибизди токтотпойбуз. Алардын ушул сыноону ийгиликтүү көтөрүп, ишенимдүү бойдон каларынан эч шектенбейбиз (Аян 2:10).
Кайратыбыздан жазган жокпуз
Ушул кызмат жылында Жахабанын дүйнө жүзүндөгү кызматчылары Жетектөөчү Кеңештин жана бийликтегилердин берген көрсөтмөлөрүнө бек кармануу менен бирге кабар айтуунун, бири-бирин бекемдөөнүн жаңы жолдорун таап, Жахаба Кудайына болгон берилгендигин далилдешти.
Ишенимдүүлүгүн ар кандай жолдор менен көрсөтүп, бүткүл дүйнөлүк боордоштугубуз Жаратканыбызга болгон сүйүүсүн айкындады. Андан сырткары, бул алдыда боло турган азыркыдан да оор кыйынчылыктарды көтөргөнгө жакшы даярдык болду (Жакып 1:2,3).