Мазмунун көрсөтүү

1946-жылы Кливлендде (Огайо, АКШ) өткөрүлгөн «Кубанычтуу элдер» деген жыйындын үстүнөн тартылган сүрөтү

2021, 2-АВГУСТ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

75 жыл мурун өткөрүлгөн эң алгачкы чоң эл аралык жыйын

Келечектеги чоң жыйындарга чыйыр салган «Кубанычтуу элдер» деп аталган тарыхый жыйын

75 жыл мурун өткөрүлгөн эң алгачкы чоң эл аралык жыйын

2021-жылдын 4-августунда «Кубанычтуу элдер» деп аталган жыйындын өткөрүлгөнүнө туура 75 жылдын жүзү болду. Ал жыйын Жахабанын Күбөлөрүнүн эң алгачкы чоң эл аралык жыйыны болчу. Жыйын 1946-жылы 4-августтан 11-августка чейин Кливленд шаарында (Огайо, АКШ) өткөрүлгөн. Ан үчүн бир туугандар шаардык стадион менен андан анча алыс эмес жайгашкан чоң залды ижарага алышкан.

Ал жыйын Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн көп өтпөй эле уюштурулган. Жыйындагы маанай кан суудай аккан согуштан кийин баш аламандык өкүм сүрүп турган дүйнөдөгү маанайдан кескин айырмаланып турган. Тынчтык, биримдик өкүм сүргөн ал жыйынга төгөрөктүн төрт бурчунан миңдеген бир туугандар келишкен. Ошол кезде Кошмо Штаттарда расалык бөлүнүүчүлүк күч алып турган. Бирок ошого карабай расасы, тек жайы ар кандай болгон Жахабанын Күбөлөрү бир үй-бүлөдөй болуп чогулушкан.

«Кубанычтуу элдер» деген жыйынга 80 000 киши келген. Буга чейин ушунчалык көп Жахабанын Күбөсү катышкан жыйын өткөрүлө элек болчу. Согуштун айынан ишенимдештерибизде бир жерге чогулуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошон үчүн алар бири-бирин көргөнүнө абдан кубанышкан. Жыйынга 32 өлкөдөн 302 бир тууган конокко келген. Жыйындын акыркы күнүндө, жекшемби күнү, Нейтан Норр «Тынчтык төрөсү» деп аталган баяндама айткан.

Норр бир тууганыбыз айткан «Тынчтык төрөсү» деген баяндаманын темасы стадиондун маңдайында илинип турат

Жыйын ийгиликтүү өткөрүлгөн. Бирок кыйынчылыктар болбой койгон эмес. Жооптуу бир туугандар жыйындын биринчи күнүндө эле чоң кыйынчылыкка туш болушкан. Эл ушунчалык көп келгендиктен, ижарага алынган залга батпай калышкан. Жыйындын кечки саат 19:45те баштала турган бөлүгүнө көптөр катыша алышы үчүн, бир туугандарга жакын жердеги стадионду ижарага алганга туура келген. Тилекке каршы, ал стадиондо саат 18:30га чейин эки бейсбол оюну болмок экен.

Таң калыштуусу, экинчи оюн башталганда, катуу мөндүр жаай баштаган. Ошондо күйөрмандар стадиондон эртерээк кеткенге аргасыз болушкан. Бирок көп өтпөй эле күн чайыттай ачылып кеткен. Анан жыйындын кечки программасын укканы келген 50 000 Жахабанын Күбөсү стадиондон орун алган. Ошентип, программа кечикпей, өз убагында башталган.

Норр бир тууганыбыз «Кудай чынчыл» деген китепти кулактандырып жатат

«Кубанычтуу элдер» деген ошол жыйында «Ойгонгула!» журналынын жана Ыйык Китепти изилдөөгө арналган «Кудай чынчыл» деген китептин жарык көргөнү кулактандырылган. Ошондой эле Норр бир тууганыбыз Бруклиндеги (Нью-Йорк, АКШ) басмакананы жана алты өлкөдөгү филиалыбызды кеңейтүү ойлонуштурулуп жатканын айткан.

2 602 кишинин, анын ичинде 903 ага-инибиздин жана 1 699 эже-карындашыбыздын чөмүлгөнү жыйындын көркүнө көрк кошкон. Алар жакын жерде жайгашкан Эри көлүндө чөмүлүшкөн. Мындан тышкары, жыйынды эстен кеткис кылган дагы бир өзгөчөлүгү анда «Күзөт мунарасын» изилдөө жана Теократиялык кызмат мектеби өткөрүлгөн. Ошондой эле жыйында 160 кишиден турган чоң оркестрдин коштоосунда музыка коюлган.

Чөмүлгөнгө даярданып жаткан ишенимдештерибиз

Ошол жыйын келечектеги жыйындарга чыйыр салган. Алсак, анда төрага бюросу, тескөөчүлөр, биринчи жардам, жабдыктарды орнотуу жана табылга бөлүмү сыяктуу бөлүмдөр уюштурулган.

Учурда Пенсильваниядагы (АКШ) «Маккеспорт» жыйналышында аксакал болуп кызмат кылган Рон Литтл бир тууганыбыз ошол жыйынга атасы жана байкеси менен барган. Ал кезде ал 11 жашта болчу. Сегиз күнгө созулган ошол жыйын башталгандан бүткөнгө чейин алар өздөрүнүн машинесинде түнөшкөн.

Рон бир тууганыбыз «Ойгонгула!» журналынын алгачкы саны жарык көргөн күндү мындай деп эскерет: «„Ойгонгула!“ журналы чыкканда аны кармап алып, стадионду айлана чуркаганыбыз эсимде. Кимдин колунда журнал жок экенин көрүшсө, аларга сөзсүз берип атышты».

Азыр 86 жаштагы Рон бир тууганыбыз көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү чогулган ошол жыйында кастарлоо сезимине чулганганын эскерет. Ал: «Ушул сонун жыйын бүтпөй эле койсо экен деп ойлонгом»,— дейт.

Биз Жахабага «ыйык жыйындарыбызга» батасын төгүп жатканы үчүн миң мертебе ыраазыбыз! (Лебилер 23:2).

 

Жахабанын Күбөлөрүнүн 1946-жылдын 4-августунан 11-августуна чейин Кливлендде (Огайо, АКШ) өткөрүлгөн «Кубанычтуу элдер» деген эл аралык жыйынынын программасы

Үстүнө «„Күзөт мунарасы“ менен „Сооротуу“ журналдарын окугула!» деген жазуу орнотулган үн күчөткүчү бар эки машине. Эшиктерине болсо «Тынчтык төрөсү» деген баяндаманын жарнамасы чапталган

Үн күчөткүч орнотулган машиненин капталында эки кызы менен турган аял. Кыздары 1946-жылы «Кубанычтуу элдер» деген жыйында жарык көргөн «Ойгонгула!» журналынын 1-санын кармап турат. Өзү болсо Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому чыгарган «Кабарчы» деген гезитти кармап турат

Эки уулу менен мотороллерге отуруп сүрөткө түшкөн киши. Мотороллерге «Тынчтык төрөсү» деген баяндаманын жарнамасы орнотулган

1946-жылы өткөрүлгөн «Кубанычтуу элдер» деген жыйында айтылган «Тынчтык төрөсү» деген баяндаманын жарнамасы жазылган плакаттарды алып жаткан жарчылар

Тамак-аш бөлүмүндө иштеп аткан бир туугандарыбыз

1946-жылы өткөрүлгөн «Кубанычтуу элдер» деген жыйынга келгендер тамактанып жатышат

Жаңы чыккан «Кудай чынчыл» деген китепти колдорун өйдө көтөрүп кармап турган бир туугандар

Көптөрү чындык үчүн түрмөгө камалган бир туугандар стадиондун сыртында турушат. Сүрөттө кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болуп кызмат кылган Дэниел Сидлик бир тууган да бар (эң алдыңкы катар, оң жагынан санаганда биринчи)

Алдыңкы катарларда отурган чөмүлө турган ишенимдештерибиз

Бир туугандар чөмүлгөн Эри көлүнүн үстүнөн тартылган сүрөтү