4-ДЕКАБРЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
80 жаштагы Алесандр Урсунун туруктуулук сактап келатканы жөнүндөгү баяны
«Жахаба бизге ошондо кандай кам көрсө, азыр деле кам көрө берерин билем».
2018-жылдын 15-ноябрынын кечи эле. 78 жаштагы Александр Урсу Крымдын Жанкой шаарындагы үйүнөн Виктор деген уулун тоскону чыгат. Бирок бир маалда эле дарбазасынын ары жагынан жарыкты көрөт да, ошол тарапты көздөй басат. Анан күтүлбөгөн жерден ага кимдир бирөө: «Токто, полиция!» — деп кыйкырат.
Башында Александр ишенимдештери аны менен тамашалап ойноп жатат деп ойлогон. Бирок бат эле андай эмес экенин түшүнгөн. Бет кап кийген бир киши Александрдын колун толгоп, артка бураган. Беткапчандардын дагы бири болсо аны жаакка бир муштаган. Федералдык коопсуздук кызматынын куралчан алты кызматкери аны да, уулу Викторду да бутунан башына чейин текшерип, андан кийин үйүнө топурап кирип барышкан.
Ошондо Александрдын жубайы Нина ашканада эле. Бир кызматкер анын уюлдук телефонун тартып алып, эмнени көрүп жатканын сураган. Алар үйдү бир нече саат бою тинтишкен. Бирок Орусияда экстремисттик деп эсептелген адабияттардын бирин да таппай коюшкан.
Бактыга жараша, ал кары ишенимдешибиз камакка алынган эмес. Бирок Александр жана Орусиядагы, Крымдагы башка ишенимдештерибиз полиция кызматкерлери качан келип үйүбүздү тинтип, кармап кетет деп күн сайын коркуп жашашат. Александр бир тууганыбыз үй-бүлөсүндөгү берилгендик сактаган адамдардын үлгүсү тууралуу ой жүгүрткөндүктөн ушундай куугунтукка чыдап жатат. Ошондой эле Совет бийлиги куугунтуктаган учурда башынан кечирген окуялар да ага бир топ дем-күч берет.
1949-жылы, 6-июлда Совет аскерлери алардыкына түн ичинде кирип келип, үйдүн баарын тинтип чыгышкан. Ал кезде Александр 9 жашта болчу. Алар кийим-кечелерди бөлмөнүн ортосуна ыргытып, кеткенге даярданууга буйрук беришкен. Александр: «Апам кийимдердин арасына Ыйык Китепке негизделген адабияттарды, анын ичинде „Кудайдын арфасы“ деген китепти аскерлерге байкатпай катып койгон»,— деп эскерет. Ошентип, алар бүт үй-бүлөнү темир жол бекетине алып жөнөшкөн.
Александрдын үй-бүлөсү башка Жахабанын Күбөлөрү менен бирге Сибирге айдалган. Поезд менен «жаңы үйүн» көздөй баратканда эч тайманбай Падышалык ырларын ырдап барышкан. Алар 1949—1951-жылдары Сибирге сүргүнгө айдалган миңдеген ишенимдештерибиздин арасында болушкан.
1950-жылдары Сибирдеги бир туугандар жыйналыштарды өткөрүү үчүн фермаларга тымызын чогулушчу. Кээ бир үй-бүлөлөр жолугушуу өтө турган жерге жетиш үчүн 20 чакырымдай жолду басып өтүшчү.
Александрга үй-бүлөсүндөгү ишенимин бек сактаган чоң аталарынын, атасынын, туугандарынын үлгүсү күчтүү таасир эткен. Мисалы, чоң чоң атасы Макар, чоң атасы Максим, чоң атасынын бир тууганы Владимир жана өзүнүн атасы Пётр — баары өмүрүнүн акырына чейин туруктуулугунан жазган эмес.
1944-жылы Александрдын атасы аскер кызматынан баш тартканы үчүн он жылга эркинен ажыратылган. Бирок омурткасы сынып, шал болуп калгандыктан камактан үч жылдан кийин бошотулган. Ал атасынын Ыйык Китептеги Дөөтүнүн Голиатты жеңгени жөнүндөгү, Дөөтү менен Жонатандын достугу жөнүндөгү аңгемелерди айтып бергенин эскерет.
Александр мындай деп баяндайт: «Чоң атамдын бир тууганы Владимир WBBR радиостанциясы аркылуу берилген программаларды калтырбай угуп, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып турчу. Ал кезде радио кабылдагыч колдонгонго тыюу салынган эле. Ошол себептен ал бункер жасап алып, Ыйык Китепке кызыккандар менен бирге ошол жерден WBBR радиостанциясын укчу».
1940-жылдары кызыгымыш болуп жүргөн бир киши бийликтегилерге бункердин каякта экенин айтып салган. Ошонун айынан чоң атасы Максимди да, анын бир тууганы Владимирди да кармап кетип, түрмөгө камашкан. Түрмө алардын кыштагынан 80 чакырымдай алыстыкта Украинанын батышындагы Хотин шаарында жайгашкан болчу.
«Чоң апам алар менен көрүшүү үчүн түрмөгө жөө барчу. Ал бизге чоң атам менен анын бир тууганы ур-токмокко алынса да, ишенимин бекем сактап жатканын айтып берчү»,— дейт Александр. Тилекке каршы, алар түрмөдөн каза табышкан.
Александр: «Алардын эмне болгонун, кандай мамилеге кабылышканын, эмне болуп өлгөнүн, каякка көмүлгөнүн ушул убакка чейин билбейбиз. Бирок өмүрүнүн акырына чейин Жахабага ишенимдүү бойдон калганы бизди сооротуп, кайраттандырат»,— деп бөлүшөт.
Берилгендигинен тайбаган чоң чоң атасынын, чоң атасынын, атасынын, башка бир туугандарынын үлгүсү, ошондой эле өзүнүн Сибирде башынан өткөргөн окуялары Александрга учурдагы куугунтукту көтөрүп кеткенге күч берип жатат. Ал мындай дейт: «Үйүбүздү тинткенине көнүп деле калдым. Анткени бала кезимен бери эле ушундайды көрүп келатам. Жахаба бизге ошондо кандай кам көрсө, азыр деле кам көрө берерин билем.
Мага Ыйык Китепти күндө окуп, ой жүгүртүү, жыйналыштарга калтырбай катышуу, ишенимдештерим менен пикирлешүү да кадимкидей дем-шык берет».
Андан тышкары, соттолуп жаткан кайраттуу ишенимдештери тууралуу дайыма окуп турат. Бул ага бир топ күч-кубат берет. Ал мындай деп бөлүшөт: «Айрым ишенимдештеримдин сот алдында айткан акыркы сөздөрү аябай жагат. Алардын тайманбастык менен айткан сөздөрү Исанын пайгамбарлыгынын аткарылып жатканын көрсөтүп турат. Иса: „Мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат. Бул аларга жана башка элдерге күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот“,— деп айткан» (Матай 10:18).
Куугунтукталып жаткан ишенимдештерибиз мээримдүү Кудайыбыз Жахабанын колдоосунун аркасында туруктуу болуп, ал тургай ишеними ого бетер чыңдалууда. Алардын үлгүсү Дөөтүнүн: «Сени [Жахабаны] баш маана кылгандардын баары кубанышат, түбөлүккө салтанаттуу үн салышат»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенин айгинелеп турат (Забур 5:11).