Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 11-ОКТЯБРЬ
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

JW телеберүүсүнө 5 жыл болду!

JW телеберүүсүнө 5 жыл болду!

Акыркы беш жылдан бери бүт дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз ай сайын чыгарылган JW телеберүүсүн көрүп кубанып келишет. Баарыбыз 2020-кызмат жылында жана андан кийинки жылдары телеберүүдө эмнелер көрсөтүлөт болду экен деп бүйүрүбүз кызып жатканы шексиз. Бирок, келгиле, телеберүү 2014-жылдын октябрында чыга баштагандан бери кандай чоң жетишкендиктер болгонуна назар салалы.

185 тилге которулууда. Алгач ай сайынкы телеберүү англис тилинде гана көрсөтүлчү. Ал эми 2015-жылдын май айынан тартып Жетектөөчү Кеңештин уруксаты менен 40тан ашуун тилге которула баштаган. Ошондон кийинки төрт жылдын ичинде эле телеберүү которулган тилдердин саны орто эсеп менен 185ке жетти.

Бүт дүйнө жүзүндөгү бир туугандарга ылайыкташтыруу. Телеберүү дүйнөнүн чар тарабындагы ишенимдештерибизге арналгандыктан, көптөгөн видеолор дүйнөнүн булуң-бурчундагы видео топтору тарабынан даярдалууда. Адатта, телеберүүнүн соңунда алыскы аймактардагы, алсак, Эфиопиядагы, Исландиядагы, Монголиядагы, Сайпан аралындагы, Тувалудагы, Угандадагы жыйналыштар көрсөтүлөт. JW телеберүүсүн 230 өлкөдөгү, мисалы, тургундар убактылуу эле жашаган Херд аралы жана Макдональд аралдары сыяктуу обочо аймактардагы бир туугандарыбыз да көрөт. Телеберүү чыккан алгачкы айдын ичинде аны орто эсеп менен сегиз миллион алты жүз миң жолу көрүшөт же жүктөп алышат.

Түрдүүлүгү жана саны. Узактыгы баары биригип 60тан ашуун саатка созулган баяндамалар, дил маектер, окуялар, жаңыртылып турган жаңылыктар, ойдон чыгарылган видеотасмалар чыкты. «Жашоодогу эң мыкты жол» деген ыр чыккандан бери телеберүүдөн ай сайын жаңы ыр угуп жатабыз. Ал ырлар 368 тилге которулууда.

Алпаруучулар. Башында телеберүүнү Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү гана алып барчу. Кийинчерээк алар Жетектөөчү Кеңешке караштуу комитеттердин жардамчылары менен чогуу алып бара баштады. Кээде ал комитеттин жардамчылары жалгыз алып барган учурлар да болот. Ай сайынкы телеберүүнү жалгыз же кимдир бирөө менен алып барган бир туугандардын саны жалпысынан 29га жетет.

Көрөрмандардын ой-пикири. Инсульт болуп, учурда оорунун азабын тартып келаткан, Кошмо Штаттарда жашаган бир ишенимдешибиз телеберүүдөгү ырларды өзгөчө жакшы көрөт. Ал: «Жахабага жана анын Сөзүнө мурдагыдан да көбүрөөк ишеним артканга жардам берген жан эргитерлик ырлар көңүлүмдү көтөрүп, жашоомдогу ушул жаңы кыйынчылык менен күрөшкөнгө жардам берип келет. Ал ырлардын сапаттарымды улам жакшыртканга канчалык көмөк кылып жатканына таң калып бүтпөйм. Ырлар үчүн силерге миң мертебе ыраазычылык билдиргим келет»,— деп ой бөлүшкөн.

Уулу рактан каза болуп калган, Кошмо Штаттарда жашаган бир үй-бүлө 2016-жылдын ноябрь айындагы телеберүүнүн аларга кандай таасир эткени тууралуу мындай деп жазган: «„Ашты кыялың ишке“ деген ырды угуп жатканда көзүбүздөн жаш шорголоду. Жан дүйнөмдү жаралаган бул азапка мындан ары чыдай албайм деп ойлогонумда, Жахаба дайыма жардамга келип, бизди жакшы түшүнөрүнө, кыйынчылыкты көтөрүп кетүүгө жардам берерине ынандырат. Ошол ырды уккандан кийин Жахабанын биздин жалынычыбызды угуп, жооп берип жатканын сездик».

Украиналык жубайлар болсо ай сайынкы телеберүүгө канчалык ыраазы экенин билдирип: «JW телеберүүсүнүн аркасында Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүн өзүбүздүн үй-бүлөдөй эле көрүп калдык!» — дешкен.

Бүт дүйнө жүзүндөгү элин бириктирип, так керектүү учурда берип жаткан ушул белеги үчүн Жахабага абдан ыраазыбыз (1 Петир 2:17).