17-ИЮНЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
JW Library тиркемесиндеги «Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал» жаңыртылды
2022-жылдын 25-апрелинде «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы» жаңыртылган. Эми аны JW Library тиркемесинде да ачууга болот. Ага аяттарды түшүндүрө турган материалдар кошулду.
Эмне жаңыртылды?
2013-жылдан тартып «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралга» аяттардын индекси кошула баштаган. Аяттардын булагы катары акыркы чыккан адабияттар көрсөтүлгөн.
Акыркы бир нече жылдын ичинде JW Library тиркемесине эски адабияттар кошулган. Мурда алардын көбү «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасында» (WOL) болчу. Жаңыртылган «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралга» ошол эски адабияттар, айрым тилдерде болсо «Жазманы түшүнүү» эмгеги да кошулган. JW Library тиркемесиндеги «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралга» ар бир булактын тексти киргизилген. Аны Интернет жок жерден да колдонууга болот.
Ошондой эле булак катары «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин бөлүмдөрү да кошулган. Кари деген бир ишенимдешибиз буга байланыштуу мындай нерсени байкаган: «Мен телефон менен кабар айткандан коркчумун, ошол эле учурда адамдар сооротууга абдан муктаж экенин түшүнчүмүн. Кээде оюма сонун аяттар келип калат. Бирок аларды маекти андан ары улап кетиш үчүн жөнөкөй, кызыктуу кылып түшүндүрө алчу эмесмин. Ошон үчүн аяттарга «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралдан», анын ичинде «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинен түшүндүрмөлөр берилгени чоң жардам болуп жатат. Эми өзүмдү ишенимдүүрөөк сезип, кызматтан көбүрөөк кубаныч ала баштадым».
«Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралдын» жасоо процесси бир топ жөнөкөйлөтүлгөндүктөн, ал көптөгөн тилдерде жарык көрүп жатат. Чилидеги филиалда кызмат кылган Иво деген ишенимдешибиз мындай деген: «Бул баалуу курал мапудунгун тилинде биринчи жолу чыгарылып жатат. Ушул сыяктуу адабиятты буга чейин жасап көргөн эмесмин. Бирок көп деле кыйналган жокпуз, анткени жасоо процесси жөнөкөй экен. Бул адабият биздин тилде чыкканда бир туугандарыбыз аябай таң калышты. Ушундай чакан эл сүйлөгөн тилде да чыгарын эч ким ойлогон эмес. Алар аябай кубанышты. Анткени ал — өздүк изилдөөдө, жыйналыштан жооп бергенге даярданууда, тапшырмалар менен чыкканда пайдасы зор, абдан баалуу курал».
«Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралды» кантип колдонуш керек?
Ыйык Китебиңерден изилдегиңер келген аятты ачкыла.
Аяттын номурун баскыла. Чыгып калган кичинекей менюдан «Изилдөө куралын» билдирген сүрөттү баскыла. Эгер андай сүрөт чыкпаса, демек, анын түшүндүрмөсү жок.
Аятка чыккан түшүндүрмөгө эң алгач акыркы адабияттардагы маалымат көрсөтүлөт. Эгер силерге мурдагылары керек болсо, ылдый жылдырып, издесеңер болот. Жаңыча түшүндүрүлгөн аяттарга адабияттарыбыздагы акыркы маалымат чыгат.