Мазмунун көрсөтүү

19-ФЕВРАЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

JW Library Sign Language тиркемесиндеги жаңы функция

JW Library Sign Language тиркемесиндеги жаңы функция

2020-жылдын 15-февралында JW Library Sign Language тиркемесинин 4-версиясы жарык көрдү. Ага аябай сонун жаңы функция кошулду. Жаңдоо тилинде сүйлөгөндөр эми бир эле баскычты басып, булактардагы маалыматты көрө алышат. Мындай функциянын аркасында аларга жыйналыш жолугушууларына даярдануу, Ыйык Китепти өз алдынча изилдөө алда канча оңой болот.

JW Library тиркемесин колдонгондор Ыйык Китептеги аяттарга берилген шилтемелерди же макалада көрсөтүлгөн кошумча адабияттарды ачылып турган беттен чыкпай эле изилдеп келишет. Ал эми жаңдоо тилинде сүйлөгөндөргө видео түрүндөгү макала менен ага берилген булактарды изилдегенге шарт түзгөн автоматтык функция жок болгондуктан ушундайча изилдөө жүргүзүү оңойго турчу эмес.

JW Library Sign Language тиркемесинин 4-версиясында булактар шилтеме катары көрсөтүлөт. Колдонуучулар экранды бир эле басып, кошумча видеону көрө алышат жана баштапкы видеого кайра оңой эле кайтып келе алышат.

Иш күндөрүндөгү жолугушууда берилген материалдарды көрүү канчалык оңой болуп калганын көргүлө

Биз мындай заманбап функция жаңдоо тилиндеги адабияттарды колдонгон бир туугандарыбызга чоң пайда алып келет деп ишенебиз. Бизге өзү менен болгон мамилебизди чыңдаганга жардам бериш үчүн ушундай чараларды көрүп жаткан Жахаба Кудайыбызга миң мертебе ыраазыбыз (Забур 119:97).

Башталыш 3:1деги «жылан» деген сөзгө берилген шилтеме Аян 20:2деги «байыркы жылан» деген ким экенин аныктаганга кандайча жардам берерин көргүлө