Мазмунун көрсөтүү

JW Stream–Studio аркылуу жарчылар (солдо) жыйында сөз сүйлөп жаткан жергиликтүү баяндамачыларды (оңдо) көрө алышты

1-АПРЕЛЬ, 2021
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

JW Stream–Studio жаңы сайтынын ишке киришиши

JW Stream–Studio жаңы сайтынын ишке киришиши

Эми жарчылар райондук жыйындарды түз эфирде көрө алышат

Бир нече убакыт мурун Жахабанын Күбөлөрү райондук көзөмөлчү катышкан райондук жыйындардын жаңы форматта, тагыраак айтканда, JW Stream–Studio деп аталган жаңы сайт аркылуу өткөрүлөрү кулактандырылган. Бул ыкманын жардамы менен 2021-жылдын 6, 7-мартында дүйнө жүзү боюнча 340 райондук жыйын өткөрүлдү. Аны 500 000ден ашуун киши көрө алды.

Жыйын учурунда трансляцияны көзөмөлдөөгө жардам берген жергиликтүү бир туугандар дайындалат

Пандемия башталгандан көп өтпөй эле Жетектөөчү Кеңештин Окутуу комитети Трансляция бөлүмүндөгү бир туугандардан райондук көзөмөлчү катышкан райондук жыйындарды түз эфирде көрүүгө мүмкүндүк берген сайтты иштеп чыгууну суранган. Мунун аркасында жыйындын программасын бир учурда миңдеген киши түз эфир аркылуу көрө алмак.

Трансляция бөлүмү бул долбоорду чакан топко тапшырган. Бардык талаптарга жооп берген андай сайтты иштеп чыгуу оңой-олтоң иштерден болгон эмес.

Алсак, сайтты техниканы жакшы түшүнбөгөн бир туугандар да колдоно алышы үчүн, анын ичин абдан жөнөкөй кылууга аракет кылышкан. Ошондой эле Интернеттин ылдамдыгы төмөн болгонуна карабай иштей бергидей болушу керек болчу. Андан тышкары, ал сайтты бир учурда миңдеген киши колдоно тургандыктан, маалымат алмашуу коопсуз болуш үчүн кошумча серверлер зарыл болмок. Ал жагынан бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы Компьютер бөлүмүнүн жардамы талап кылынган.

Трансляция бөлүмүндө кызмат кылган Алекс Хернандез мындай деп бөлүшкөн: «Бир учурда жүздөгөн жыйындарды өткөрүүгө мүмкүндүк берген сайтты ойлоп табуу иши бир четинен абдан кызыктуу болсо, бир четинен абдан оор болду. Бизде программалоо ишин билген бир нече эле бир тууганыбыз бар болчу. Алардын көбү түз эфирде иштеген мындай веб-сайтты буга чейин эч качан жаратып көргөн эмес эле».

JW Stream–Studio сайтынын алгачкы баскычтары 2020-жылдын май айында бүткөн. Ошондон 5 ай өткөндөн кийин, 2020-жылдын октябрында, Трансляция бөлүмү алты өлкөдөгү райондук көзөмөлчүлөр менен кызматташып, сайттын кандай иштээрин текшерүүгө киришкен. Анын аркасында алар сайтты расмий түрдө ишке киргизер алдында дагы жакшыртып, бардык каталарын оңдой алышкан. Сайтты дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу иштетип көрүүгө 17 ишенимдешибизден турган топ көмөк кылган.

Кошмо Штаттарда Амадиздердин үй-бүлөсү JW Stream–Studio сайты аркылуу өткөн райондук жыйындын алдында сүрөткө түшүүдө

«Сайттын үстүнөн иштеп жатканыбызда ар кандай көйгөйлөр жаралып жатты. Андай учурда баарын токтото туруп, тиленчүбүз. Анан көйгөй чечилгенде, муну Жахабанын бизди колдоп жатканынын белгиси катары көрчүбүз»,— дейт Алекс.

Жыйындардын ушундайча өткөрүлө баштаганынан көп өтпөй эле көп бир туугандарыбыз ыраазычылыгын билдиришкен.

Колумбияда жашаган Хайро Эспиноса деген ишенимдешибиз мындай деген: «JW Stream–Studio аркылуу өткөн жыйынга катышканда бир туугандар менен болгон биримдигибиз чыңдалып, өзүбүздү аларга ого бетер жакын сезип калдык. Жыйын түз эфирде болуп жатат деген ой маанилүү ойлорду укпай калбайлы деп баяндамаларды бүт дитибизди коюп укканга жардам берди. Бул сайт биз үчүн чоң бата болду!»

Кошмо Штаттардагы Магали Реймундо деген бир тууган: «Албетте, жыйындын программасы алдын ала жаздырылса деле ушул эле ойлор айтылмак. Бирок мен тааныган адамдардын баяндамасын түз эфирден көргөндө башкача таасир этет экен»,— деген.

Бул сайт иштелип чыккандан бери 800дөн ашык райондук жыйын болуп өттү. Бизге рухий жактан бекем бойдон калып, биримдигибиз чыңдала бериши үчүн ушундай сайтты бергенине Жахабага миң мертебе ыраазыбыз (Забур 133:1).