Мазмунун көрсөтүү

Солдо: өзүбүздү оорудан сакташ үчүн үйдөгү жана Падышалык залындагы кол менен көп кармаган жерлерди тазалап турушубуз керек; ортодо: оору күч алган айрым жерлерде жарчылар кабар айтуунун башка түрлөрүнө катышышат, мисалы, телефон менен кабар айтышат; оңдо: оору тез жайылган өлкөлөрдө, жергиликтүү жагдай-шартка жараша, аксакалдар жарчылардын жолугушуулардын жаздыруусун көрө алышына кам көрүшөт

3-МАРТ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Коронавируска байланыштуу акыркы маалымат

Коронавируска байланыштуу акыркы маалымат

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгы көп өлкөлөргө жайылып жаткан коронавируска (COVID-19) кылдат байкоо салып турат. Баарыбыз Ыйык Китептен билгендей, акыркы күндөрдө жугуштуу оорулар кеңири тарамак (Лука 21:11). Жугуштуу оорулар тез тараган учурларда өзүбүздү да, башкаларды да коргош үчүн иш-аракет кылганыбыз акылдуулукка жатат (Накыл сөздөр 22:3).

Айрымдарыбыз оору жайылып жаткан өлкөлөрдөгү ишенимдештерибиз кантип жатат болду экен деп тынчсызданып жаткандырбыз. Коронавирус Италиядагы, Жапониядагы, Түштүк Кореядагы жана башка өлкөлөрдөгү филиалдарыбызга, жыйналыштарыбызга таасирин тийгизбей койгон жок. Кээ бир жерлердеги филиалдарда экскурсияларды өткөрүү, сырттан келген конокторду кабыл алуу азырынча токтотулду. Башка жерлерде өкмөт көп элдин чогулушуна тыюу салууда. Ошол себептен ал жактагы филиалдар райондук жыйындарды өткөрбөй турууга көрсөтмө берди. Андан тышкары, айрым өлкөлөрдөгү жыйналыштарга кабар айтууга жана жолугушуу өткөрүүгө байланыштуу чараларды өзгөртүүгө туура келүүдө. Бирок ушундай кыйынчылыктарга карабай бир туугандарыбыз рухий жактан бекем болуп, бири-бирин кайраттандырып жатышат (Жүйүт 20, 21).

Мындай жагдайларда ишенимдештерибиз төмөнкү принциптерди колдонуунун пайдалуу экенин байкашкан. Эгер силер жашаган жерде да жугуштуу оору таралып жатса, ал принциптер силерге жана үй-бүлөңөргө оорудан сактанууга жардам бериши мүмкүн.

  • Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Оору тез тарап жаткан учурда сак болгонубуз жана өзүбүздү коргош үчүн колубуздан келгендин баарын кылганыбыз маанилүү. Бирок коркунучка алдырып, дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек (Накыл сөздөр 14:15; Ышая 30:15).

  • Өкмөт тарабынан берилген көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди коргош үчүн ар кандай чараларды көрүшү, чектөөлөрдү коюшу мүмкүн. Андыктан андай нерселерди жакшы билип, аларга ылайык иш кылганыбыз дурус (Римдиктер 13:1).

  • Тазалыкты сактагыла. Колубузду дайыма самындап жууп турганыбыз, курамына спирт кошулган суюктуктар менен тазалап турганыбыз абдан маанилүү. Үйүбүздөгү жана Падышалык залындагы кол менен көп кармай турган жерлерди да тазалап турушубуз зарыл. Ошондой эле медицина жаатындагы адистер ушундай жагдайларда кол алышып учурашпай турууга чакырат. Себеби бул оорунун жайылышына алып келет. Ал эми коронавирус тууралуу айта турган болсок, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ага байланыштуу кошумча кеңештерди берүүдө.

  • Башкаларга сүйүү көрсөткүлө. Баарыбыз жыйналышка баруунун, кабар айтуу ишине катышуунун маанилүү экенин түшүнөбүз. Бирок ооруп жатсак, аны башкаларга жугузбаш үчүн үйдөн чыкпай турганыбыз маанилүү. Бул бир туугандык сүйүүгө жатат. Ошондой эле ишенимдештерибизди да, Жахабанын Күбөсү эмес башка адамдарды да оорудан коргойт (Матай 22:39).

  • Жолугушууларга байланыштуу убактылуу көрүлгөн чараларга баш ийгиле. Оору күч алган жерлердеги филиалдардын жыйналыштарды, жыйындарды же дагы башка жолугушууларды убактылуу өткөрбөй турууга көрсөтмө бергени зарыл болушу мүмкүн. Коронавирус тез тарап жаткан Италия, Жапония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө азыр ушундай кылып жатышат. Жергиликтүү жагдай-шартка жараша аксакалдар жарчылардын жолугушуулардын жаздыруусун үйдөн көрө алышына кам көрөттүр. Ал эми жарчылар телефон, текст билдирүү, электрондук кат же кат аркылуу кабар айтса болот.

АДАБИЯТТАРЫБЫЗДАГЫ КОШУМЧА КЕҢЕШТЕР

Төмөндө оорунун алдын алууга жардам берген принциптерди камтыган адабияттар көрсөтүлдү.