Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 7-ИЮНЬ
ЕГИПЕТ

«Адилетсиз түрдө салынган тыюу жокко чыгарыла турган күндү күтүп келем»

«Адилетсиз түрдө салынган тыюу жокко чыгарыла турган күндү күтүп келем»

Египеттин жараны болгон 52 жаштагы Эхаб Самир — Жахабанын Күбөсү. «Египет өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иштерин чектегенинин кесепетинде бийликтегилер көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнө „кылмышкерлердей“ мамиле кылып келет»,— дейт Самир мырза. Ал өкмөттүн кылгандары адилетсиздикке жатары жөнүндөгү веб-макаланы окуганда кадимкидей кайраттана түшкөн.

«Доктор Рихам Атефтин Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү пикири» деп аталган ал макала 2016-жылдын 19-августунда «Шбаб Мисрге», Египеттин онлайн жаңылыктар түрмөгүнө, чыккан. Каир университетинде сабак берген башкы мугалим, профессор, журналист Рихам Атеф айым Египеттеги Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу жаңылыш түшүнүктөрдүн айынан аларга туура эмес мамиле жасалып жатканы жөнүндө жазган. Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдарын жакшы тааныган Рихам айым алар жөнүндө изилдөө жүргүзүп көрүп: «Жахабанын Күбөлөрүнүн аябай адамгерчиликтүү, ошондой эле башка динди туткандарды терең урматтаган адамдар экенине ынандым»,— деген.

«Сүйүүгө, тынчтыкка өбөлгө түзгөн эл»

Доктор Рихам Атеф макаласы «Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эч нерсе билбегендерге жана туура эмес маалыматтын айынан аларды жек көрүп жүргөндөргө» арналганын жазган. Макалада Жахабанын Күбөлөрүнүн айрым негизги окуулары жөнүндө учкай айтылып, «көбүрөөк маалыматты www.pr418.com сайтынан тапса болору» да жазылган.

Рихам Атеф айым Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө калыстык менен изилдеп көргөндөн кийин Египетте алар тууралуу айтылып жүргөндөр туура эмес экенин айкын түшүнгөн. Ал: «Жахабанын Күбөлөрүнүн динине эмне үчүн тыюу салынганын түшүнбөйм. Алар саясатка аралашпайт... Сүйүүгө, тынчтыкка өбөлгө түзгөн эл»,— деген. Ошондой эле окурмандарына: «Жахабанын Күбөлөрүнө ушундай эл болгону үчүн тыюу салынганбы? Же алар карманган Ыйык Китептеги окуулар чиркөөнүн окуусунан айырмаланганы үчүнбү?» — деген суроолор менен кайрылган.

«Адилетсиз түрдө салынган тыюу жокко чыгарыла турган күндү күтүп келем»

Самир мырза Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү ушул макаланы окуганда аябай кубанып, редакторго ыраазычылык кат жазууну чечкен. Ал мындай деген: «Мен Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү [Египетте чыккан] макалаларды көп эле окугам. Бирок биз туурасында жакшы сөздөрдү жазгандар аз. Андыктан баарын эр жүрөктүк жана чынчылдык менен жазганы үчүн, доктор Рихам Атефке терең ыраазымын». Самир мырзанын бул каты 2016-жылдын 11-декабрында онлайн жаңылыктарга чыккан.

Самир мырза катында Жахабанын Күбөлөрүнө туура эмес мамиле жасалып жатканы аны капалантарын жана алар жөнүндөгү жалган маалыматты чиркөөдөгү дин кызматчылар таратып жатышканын жазган. Самир мырза ошондой бурмаланган маалыматтын айынан Жахабанын Күбөлөрүнө жаман мамиле жасалып жатканын жана өзү да зыян тартканын билдирген. Андан соң: «Кимдир бирөөнү жакшыраак билүүнүн эң мыкты жолу — аны менен жекече сүйлөшүп көрүү. Андыктан Доктор Рихам Атефке макаласы үчүн чоң рахмат айткым келет»,— деген.

Самир мырза катын жүрөк козгоорлук мындай сөздөр менен жыйынтыктаган: «Өлкөдө Кудайга ээн-эркин сыйына алышыбыз үчүн, адилетсиз түрдө салынган тыюу жокко чыгарыла турган күндү күтүп келем».

Дин тутуу эркиндиги корголобу?

Ондогон жылдар мурун Египеттеги Жахабанын Күбөлөрү диний каттоодон өтүп, Кудайга эркин сыйынып келишкен. Бирок 1960-жылы өкмөт алардын расмий статусун жокко чыгарып, Египеттеги башка диндер ээ болгон диний жана адамдык укуктарды берүүдөн баш тарткан.

Ошондой болсо да Египеттеги Жахабанын Күбөлөрү коомдун туруктуу мүчөлөрү жана доктор Рихам Атеф айткандай, бардык учурда «сүйүүгө, тынчтыкка өбөлгө түзгөн эл» экенин далилдеп келет. Көптөр, Самир мырзадай болуп, Египеттеги Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги укуктары корголуп, кайрадан дин тутуу эркиндигине ээ болушун каалайт.