Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 15-НОЯБРЬ
ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ

Жаңы Зеландияда 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду

Жаңы Зеландияда 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду

2016-жылдын 14-ноябрында, дүйшөмбү күнү түн жарымда, Жаңы Зеландиянын Түштүк аралында 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Алгачкы маалыматтарга ылайык, бул табигый кырсыктан эки киши каза тапты. Андан кийин айрымдары 6 же андан көбүрөөк баллга жеткен 100дөгөн майда жер титирөөлөр болгон. Мунун айынан имараттар урап, электр жарыгы өчүп, байланыш каражаттары үзүлгөн. Поезд жолдору бузулуп, суу дамбалары урап, суу түтүктөрү жарылган.

Жаңы Зеландиядагы жергиликтүү аксакалдардан жана Австралиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынан келген алгачкы билдирүүгө ылайык, жаракат алган жана каза болгон бир да Жахабанын Күбөсү болгон эмес. Жер титирөөнүн очогу болгон жерден түштүк-батышты көздөй болжол менен 91 чакырым алыстыкта жайгашкан Крайстчерч деген шаарда Жардам берүү комитети уюшулган. Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрү жана сыйынуу жайлары көп деле талкаланбаса да, жардам берүү комитети ишенимдештерине акча-каражат жактан жардам берип, дем-күч берип жатышат.

Нью-Йоркто жайгашкан башкы башкармалыктагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши табигый кырсык болгон жерлердеги жагдайды кылдат көзөмөлдөп жатат. Зарыл болсо, алар ошол жерлерде Кырсык болгондо жардам берүү комитеттерин уюштуруп, бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан акча бөлүп берүүгө даяр.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000

Австралия жана Жаңы Зеландия: Рудни Спинкс, 61-2-9829-5600