Мазмунун көрсөтүү

Таурай Мазарура алдын ала жаздырылган атайын программа учурунда зимбабве жаңдоо тилинде чыккан Матай китебин планшеттен көрсөтүп жатат

26-ЯНВАРЬ, 2021
ЗИМБАБВЕ

Жахабанын Күбөлөрү Матай китебин зимбабве жаңдоо тилинде чыгарышты

Жахабанын Күбөлөрү Матай китебин зимбабве жаңдоо тилинде чыгарышты

2021-жылдын 24-январында «Ыйык Китеп. Матай жазган жакшы кабар» китеби зимбабве жаңдоо тилинде жарык көрдү. Аны Зимбабведеги филиалдын комитетинин мүчөсү Таурай Мазарура алдын ала жаздырылган атайын программа учурунда кулактандырды.

Зимбабве жаңдоо тилиндеги жыйналыштарда кызмат кылган 401 жарчынын баары бул китептин чыкканына маңдайы жарыла сүйүнүштү. Алар китепти өздүк изилдөөдө, кызматта колдонууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Зимбабве жаңдоо тилине которгон котормочулар жаздыруу учурунда

Көптөн бери уланып келаткан пандемия зимбабве жаңдоо тилине которгон котормочуларга кошумча кыйынчылыктарды туудурган. Адатта, котормочулар ошол аймактагы зимбабве жаңдоо тилинде сүйлөгөндөр менен сүйлөшүп, котормодо аларга түшүнүктүү жаңсоолорду колдонгонго аракет кылышчу. Бирок пандемиянын айынан алар менен бетме-бет жолугуу мүмкүн эмес болуп калган. Ошентсе да, мындай тоскоолдукка карабай, котормочулар алар менен видеоконференция аркылуу байланышып турууну туура көрүшкөн. Ошонун аркасында жаңы китепти Зимбабведеги кулагы укпаган адамдардын баары оңой түшүнө ала тургандай кылып которо алышкан.

Зимбабведеги филиалдын комитетинин дагы бир мүчөсү Жон Хангука мындай деп ой бөлүшкөн: «Матай китебинин жарык көрүшү иштин башталышы эле. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти толугу менен зимбабве жаңдоо тилине которууну максат кылып жатат. Бул ишке он жылдай кетиши мүмкүн».

Ыйык Китептин которулуп жатканы Жахабанын бардык адамдарды жакшы көрөрүн айгинелеп турат. Биз андан алып жаткан баталарды баалаарыбызды көрсөтүш үчүн түбөлүк жакшы кабарды «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге жарыялайбыз» (Аян 14:6).