Мазмунун көрсөтүү

Зимбабвенин Мутаре шаарындагы Жогорку соту. Тегеректин ичиндеги сүрөт (солдон оңго): Джабулани Ситоле, Уандер Мупошери жана Тобиас Габаза

18-НОЯБРЬ, 2022
ЗИМБАБВЕ

Зимбабвенин Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн диний укуктарын коргоду

Зимбабвенин Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн диний укуктарын коргоду

2022-жылдын 29-сентябрында Зимбабвенин Мутаре шаарындагы Жогорку соту Тобиас Габаза, Уандер Мупошери жана Джабулани Ситоле деген ишенимдештерибиздин пайдасына чечим чыгарды. Алар абийири жол бербегендиктен диний каадаларга катышуудан баш тартканы үчүн адилетсиз мамилеге дуушар болушкан.

2020-жылдын октябрында аталган үч ишенимдешибиз айыл өкмөтүнүн башчысынын алдына сотко чакырылышкан. Себеби ага чейин айыл өкмөтүнүн төрагасы аларга жергиликтүү каадага катышканга буйрук берген. Калк ал диний кааданы жаан жаашы үчүн аткарат. Ошол кааданы аткарып жатканда эл арбактарга кайрылат. Бул ишенимдештерибиздин Ыйык Китепке ылайык тарбияланган абийирине каршы келгендиктен, ага катышуудан баш тартышкан.

Айылдын башчысы бир туугандарыбызга каршы чечим чыгарып, диний каадага катышууга мажбурлаш үчүн коркутуп-үркүткөн. Бир туугандарыбыз Чипинге шаарындагы Магистраттык сотко доо арыз менен кайрылышкан.

2021-жылдын 5-январында Магистраттык сот ишенимдештерибиздин пайдасына чечим чыгарган. Бирок айыл өкмөтү ал соттун чечимине ылайык иш кылуудан баш тартып, бир туугандарыбызга кысым көрсөтө берген. Андан тышкары, айылдын башка тургундары ишенимдештерибизден оолактап, аларга катаал мамиле кылышкан.

Ишенимдештерибизге адилетсиз мамиле кылына бергендиктен, алар Жогорку сотко даттанышкан. Жогорку сот айыл өкмөтү бир туугандарыбыздын укуктарын бузганын айткан. Ошондой эле Сот айыл өкмөтү ишенимдештерибизди абийири жол бербеген каадаларга катыштырууга мажбурлабасын деген чечим чыгарып, аларга кенемте (компенсация) төлөп берүүгө милдеттендирген.

Мындай диний каадалар бүтүндөй Зимбабве боюнча өткөрүлөт. Андыктан Жогорку соттун бул чечими өлкөдөгү ишенимдештерибиздин укуктарынын корголушуна өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Бир туугандарыбыздын пайдасына чыгарылган ушундай чечим үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз (Накыл сөздөр 2:8).