Мазмунун көрсөтүү

14-АПРЕЛЬ, 2023
ЗИМБАБВЕ

Көзү начар көргөндөргө «жарык» тийди

Көзү начар көргөндөргө «жарык» тийди

Үстүбүздөгү жылдын башында Зимбабведеги филиалга улуттук эки институттан кат келип түшкөн. Ыраазычылык сөздөр жазылган ал кат Дороти Дункан атындагы көзү көрбөгөндөр жана майыптар борборунан жана Зимбабве Университетинен келген. Себеби филиал ал эки институтка Брайл арибинде басылып чыккан «Жаңы дүйнө котормосун» жана Ыйык Китепке негизделген адабияттарды тартуу кылган болчу. Зимбабве Университетинен келген катта мындай сөздөр жазылган: «Силер тартуу кылган адабияттар студенттерибизге адеп-ахлактуу болгонду үйрөткөнгө жардам берет. Силер адамдарга чындап эле чоң колдоо көрсөтүп жатасыңар. Биз силерге миң мертебе ыраазычылык билдиргибиз келет».

Көзү көрбөгөн же начар көргөн адамдарга жардам бериш үчүн дайындалган атайын пионер жубайлар. Солдо: Уиллиард Мазарура менен жубайы Неймбези. Оңдо: Зунгулула Нкубе менен жубайы Юнис

Зимбабведеги филиал тартуу кылган ал адабияттар ошол өлкөдөгү көзү көрбөгөн жана начар көргөн 10 000ден ашуун кишиге жардам берүү максатында чыгарылган. Буга тоодой эмгек жумшалган. 2017-жылы филиал ушундай адамдарга кабар айтыш үчүн атайын өнөктүк уюштурган болчу. Ан үчүн атайын пионер болуп кызмат кылган эки жубайлар дайындалган. Алардын максаты жарчыларды үйрөтүп, көзү көрбөгөндөргө же начар көргөндөргө кабарды мүмкүн болушунча жеткиликтүү кылып айтканга жардам берүү болгон. Ошондон бери 46 киши Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал эми үчөө чөмүлгөн.

Ошол чөмүлгөн кишилердин арасында Мавис Чая деген ишенимдешибиз да бар. Ага 2021-жылы бирөө телефон чалып, кабар айткан. Мавис көзүм айыгат деп үмүттөнүп Кудайга ишенсең айыгасың дегендерге барып жүргөн. Бирок эч майнап чыккан эмес. Ошондон кийин үмүтүн үзүп отуруп калган. Бирок Ыйык Китептен жакында жаңы заман болорун, көзү көрбөгөндөрдүн кайрадан көрүп каларын билгенде өчүп калган үмүтү кайра жанган. Ошентип, жумасына эки жолу Ыйык Китепти изилдеп жүрүп, 2022-жылдын апрелинде чөмүлгөн.

Ооба, баарыбыз тең Жахаба сокурлардын көзүн ачып, айыктыра турган күндү эңсеп күтүп жатабыз. Ошондой болсо да Жахаба ага жакындагысы келгендерге азыр деле «жарык берип», «түшүнүккө ээ кылып» жатканы жүрөгүбүздү кубанычка бөлөйт (Забур 119:130).