Мазмунун көрсөтүү

21-ФЕВРАЛЬ, 2020
ИЗРАИЛЬ

Израилде өткөрүлгөн атайын жолугушууда Еврей Жазмаларынын чыкканы кулактандырылды

Израилде өткөрүлгөн атайын жолугушууда Еврей Жазмаларынын чыкканы кулактандырылды

Балдары менен бирге жаңы котормону алганына кубанып жаткан жубайлар

«Жетектөөчү Кеңеш силерге өзгөчө белек даярдады». Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон Еврей Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» азыркы еврей тилинде чыкканын кулактандырарда сөзүн ушинтип баштады. 2020-жылдын 11-январында Израилдин Хайфа шаарындагы «Ромема» аренасында өткөрүлгөн ал атайын жолугушууга баары биригип 2 125 киши катышты.

Израилдеги филиалда жалпыга маалымат берүү үстөлүндө кызмат кылган Дейвид Симозраг мындай деп ой бөлүштү: «Эсептөөлөргө ылайык, биздин аймакта еврей тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 8 миллиондон ашат. „Танахтын a азыркы еврей тилинде чыкканы жергиликтүү элге зор пайдасын тийгизет деп ишенебиз». Негизи, еврей тилинде «Танахтын» бир нече эле котормосу бар. Бул жаңы китеп ошол котормолордун катарына кошулду.

Учурда «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен же жарым-жартылай 186 тилде бар. Еврей тилиндеги котормого катышкан ишенимдештерибиз, масорет текстин көчүргөн көчүрмөчүлөрдөй болуп, Ыйык Китептеги ойлорду так жеткирүүгө бүт күчүн жумшашкан. Котормого үч жылдан ашуун убакыт кеткен. Бир котормочу мындай деген: «Еврей окурмандарынын көбүнө айрым аяттарды, атүгүл Ыйык Китептеги бүтүндөй китептерди түшүнүш үчүн түшүндүрмөлөргө же башка котормолорго кайрылууга туура келчү. Ал эми бул Ыйык Китептеги ойлор түшүнүүгө оңой берилген».

Азыркы еврей тилинде чыккан Еврей Жазмаларын кармап турган үй-бүлө

Бир ишенимдешибиз: «Орто билимдүү окурман „Танахты“ көптөгөн жылдар бою түшүнбөй келсе, эми ал анда жазылгандарды оңой, туура түшүнө алат»,— деген. Израилдеги филиалдын карамагындагы 2 000ден ашуун жарчынын 603ү еврей тилинде сүйлөйт. Алар бул өзгөчө белекти колдонуп, «Жахабанын мыйзамын изилдеп», «аны аткарууга» үйрөнө алары шексиз (Эзра 7:10).

a Еврей тилинде Еврей Жазмаларынын түзүлүшү көптөгөн Ыйык Китептерден айырмаланат. Алар үч бөлүктөн турат: Тоорат (Мыйзам), Невиим (Пайгамбарлар), Кетувим (Жазмалар). «Танах» деген сөз ушул үч бөлүктүн баш тамгаларынан түзүлгөн.